Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:28

Н.НАЗАРБАЕВ: КАЗАКСТАН ӨНҮККӨН ЭЛҮҮ ӨЛКӨГӨ ТЕҢЕЛЕТ


Лондондо бүгүн Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин ырасмий визити башталды. Букингем сарайында ал каныша Елизаветта II менен жолукту,андан соң премьер Тони Блэр менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Эртең Назарбаев Лондондогу биржанын ишин ачат,экономикалык маанилүү бир катар жайларда болот, британиялык ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугат.

Тони Блэр менен биргелешип өткөргөн маалымат жыйынында Нурсултан Назарбаев Казакстан дүйнөлүк күч-жигердүү элүү өлкөнүн тобуна кошулууну өзүнө милдет кылып койгонун журналисттердин эсине салды. Дүйнөлүк банк Казакстанды эң ыкчам арым менен өнүгүп жаткан жыйырма өлкөнүн катарына киргизгенин коомуту толо белгилеп, Назарбаев эмдиги жылы жан башына алып эсептегенде ички дүң продукт алты миң долларга барабар болорун маалымдады.

Казак президентинин визитин байкоочулар да эки тарап үчүн тең маанилүү болот деп жатышат. Экономикалык жактан алганда, британ өнөржай конфедерациясынын өкүлү Полин Шерман белгилегендей, Казакстанга Евросоюз менен Британия баарыдан мурда газдын жана мунайдын стратегиялык маанидеги алтернативдүү булагы катары карашат. Андыктан визиттин күн тартибинде финансы жана бизнес маселелери басымдуулук кылганы тегин жерден эмес. Ошол эле учурда бу сапардын саясий өңүтү да бар.

Лондондогу "Экономист" изилдөө тобунун эксперти Дафне Тер-Закарияндын баамында, "Казакстан Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун төрагалыгына талапкерленип, Батыш муну тааныса деп дама кылып жатыры, андыктан президент Батыштагы саясий борборлордо болгонго, Казакстан демократияга баратканына,анын татыктуу талапкерлигине аларды ынантканга өтө кызыкдар". ОБСЕнин министрлер кеңеши уюмдун 2009-жылдагы төрагалыгына Казакстандын талапкерлигин келерки жылдын башталышында талкуулайт.

Тер-Закарияндын пикирине башка эксперттер да кошулат. Буга катарлаш башка да жүйөөлөрдү аташат. Мисалы,эл аралык бизнес жана инвестиция иштери боюнча Global Insight борборунун кеңешчиси Ралф Вижерт Казакстан технологиялык жактан кыйла өксүп жатканын, айрыкча кара май казып алууда,жалпы эле улуттук ресурстар тармагын жакшыртууда чет элдиктердин колкабышына муктаж экенин,бу чөйрөдө Батыштан,анын ичинде Британиядан колдоо алганга үмүт кыларын белгиледи. Ошол эле учурда Вижерттин болжолунда, дүйнөлүк коомчулуктун саясий колдоосун алуу – Назарбаев үчүн кантсе да биринчи кезектеги мааниси бар маселе.

Полин Шерман Казакстан менен Британия ушу кезге чейинки өз ара кызматташтыктын арымын арттырып,кыйырын кеңейткенге ынтызар экенине көңүл бурду. Өзүнө белгилүү статистикалык эсептерге таянып, Шерман азыр өз ара соода-сатыктын теңдеми болжол менен бир жылда бир миллиард,ал эми Британиянын Казакстандагы жалпы инвестициясы 5,5 миллиард долларга чукулдап барып калганын билдирди. Бирок мунун баары көп жагынан энергетика жана табигый ресурстар чөйрөсүнө гана топтолгон, дейт Шерман. Президент Назарбаевдин визити финансылык жана экономикалык мындай алым-беримдин чөйрөсүн кеңейткенге жаңы мүмкүндүктөрдү түзгөнга арналган. Анын акыбети кандай болот, келечек көрсөтөт.

Эсенбай НУРУШЕВ, Прага

XS
SM
MD
LG