Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бүгүн Лондондо Британиянын өкмөт башчысы Тони Блэр менен жолугушууда. Казак президенти Лондонго дүйшөмбү күнү үч күндүк расмий визит менен келди. Британия визитинин жүрүшүндө Назарбаев ошондой эле Ханыша Элизавета Экинчи жана Европанын Кайра куруу жана өнүгүү банкынын башчысы Жан Лемиер менен жолугушат.