Ооганстандын коргоо министри Америка менен НАТОдон өлкөнүн аскерин жабдуу жана машыктырууда көбүрөөк колдоо көрсөтүүнү өтүндү. Абдул Рахим Вардактын айтымында, анын өлкөсү аскерге жаңы солдаттарды жалдап, 2008- жылга чейин ооган аскерлеринин санын 70 миң кишиге жеткирүүгө ниеттенип жатат. Бул билдирүүнү Вардак Вашингтонго жасаган визитинин учурунда айтты.