Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

САЯСАТПЫ ЖЕ КЕСИПТИК МАЙРАМБЫ?


21-ноябрь күнү прокуратура, милиция, коопсуздук кызматкерлеринин кесиптик майрамдарына арналган салтанат өткөрүлүп, анда укук коргоо органдарына Курманбек Бакиев жылуу пикирлерин билдирди. Айрым жетишпестиктери, милдеттери белгиленди. Бир катар саясатчылар бул салтанатты укук коргоо органдарынын ашкере саясатташып кеткендигинин мисалы катары карашууда.

Ички иштер кызматкерлери өздөрүнүн 2-ноябрдагы кесиптик майрамын коомдогу саясий чыңалууга байланыштуу өткөрө албай калышкан, ал эми улуттук коопсуздук кызматкерлеринин кесиптик майрамы 20-ноябрга, прокуратура кызматкерлериники 22-ноябрга туш келет экен. Эки күндө бирден майрам кылып элдин кыжырына тийбейли дешкендей, укук коргоо орган кызматкерлери улуттук филармония имаратында чогуу салтанат куруу чечимине келишиптир.

Жыйында Президент Бакиев 2006-жыл - укук коргоо органдары үчүн кыйла катаал, сынак жыл болгондугун, түрдүү деструктивдүү күчтөр активдешүүгө аракет кылгандыгын белгиледи.

- Биздин укук коргоо органдарыбыз, канчалык кырдаал кыйчалышса да, өздөрүнүн каармандыгын көрсөтүшүп, көп улуттуу жергебизге бейпилчиликти дайым камсыз кылып келишти. Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында “Хизб-ут-Тахрир” кыймылынын 5 лидери кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Алардын 13 жашыруун жайы табылды,- деди Курманбек Бакиев.

Андан ары Президент чет өлкөлүк беш эмиссар Кыргызстандын чегинен сыртка чыгарылып ташталгандыгын, чет өлкөлүк 13 согушкер жана эл аралык террордук уюмдун мүчөсү жок кылынып, жыйырмадайы колго түшүрүлгөндүгүн, тилекке каршы террорчулар менен күрөшүүдө Кыргызстан төрт укук коргоо кызматкеринен ажырагандыгын эскере кетти.

Президент Бакиев жыйында кылмыштуулуктун деңгээли жогору бойдон калып жаткандыгына, мыйзамсыз жеп-ичүүлөрдү аныктоодо укук коргоо органдары алсыздыгын көрсөткөндүгүнө, өзгөчө оор кылмыштар дале толук ачылбай калып жаткандыгына токтолду.

-Ар бир ачылбай калган кылмыш – укук коргоо орган кызматкерлеринин адистик чеберчилигине, кызматтык вазипасына урулган сокку! Мындан башкача айта албаймын,- деди кейиш менен.

Салтанаттан сырткаркы маегибизде милициянын генералы Кеңешбек Дүйшөбаев айрыкча милиция кызматкерлери азыр өздөрүнүн мыйзамбап кесипкөйлүгүн көрсөтпөй, айрыкча саясатка катуу чырмалышып алды деген ойдо.

Жогорку Кеңеш депутаты Азимбек Бекназаров дагы
прокуратура, милиция, улуттук коопсуздук кызматкерлеринин кесиптик майрамдарынын бирге өткөрүлүшүн да алардын ашкере саясатташуусу катары карайт:

- Уят! Эмнебизге өткөрөбүз? Чоң-чоң коррупциялык иштерди аягына чыгаралбай, элдин чыдамын кетирип жаткан ушул укук коргоо органдары болуп аткандан кийин, аларды чогултуп алып салтанат куруштун эмне кереги бар эле?

Ошол эле кезде ал учурдагы укук коргоо органдарынын алсыздыгын – жалпы мамлекеттин алсыздыгы катары карайт.

Кожогелди Култегин, Бишкек

XS
SM
MD
LG