Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:53

ОН АЙДА ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН 688 АДАМ КАЗА БОЛДУ


Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автоинспекциясынын маалыматтарына караганда өткөн он айда өлкө аймагында үч миң эки жүздөн ашык жол кырсыгы катталып, андан 688 адам каза болгон. Жолдо жүрүү эрежелери сакталбай, транспортту катуу ылдамдыкта айдоо автокырсыктардын көп болуп жатканына негизги себептер болууда.

Бишкек шаардык мамлекеттик автоинспекциясынын маалыматына караганда, быйыл шаарда 765 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 109 адам каза болуп, 837 адам жаракат алган. Бул өткөн жылдагыдан эки эсеге көп. Ички иштер министрлигинин мамлекеттик автоинспекция башкармалыгынын башчысынын орун басары Калысбек Темировдун айтымында, жол эрежесин сактабаган айдоочулардын кесепетинен, көптөгөн бейкүнөө жарандар жабыр тартып калышууда.

Жалпы республика боюнча МАИнин болгону беш тосмосу бар. Автоунаалардын каттамы огеле көп.
Бишкек шаардык МАИ башкармасынын жетекчисинин орун басары Токтосун Сатаровдун айтымында жол эрежесин бузгандардын негизги бөлүгү автоунааларды катуу ылдамдыкта жана мас абалында айдагандар. Алардын ичинен, маселен, жол кырсыгына себепкер болгон 192 айдоочу качып, изин жашырып кеткен. Быйыл эле 32 адамдын өмүрүн кыйып качып кеткен айдоочулар табылбай жүрөт.

Ошол эле учурда көпчүлүк айдоочулар автокырсыктардын күн санап өсүшүн жол эрежелерин билбеген жаш айдоочулардын опсуз көбөйүп кеткендигинен көрүшөт. Кеминдик айдоочу Ислам Исраиловдун айтымында, чоңдордун, байлардын балдары айдоочулук кесипке атайын окубай эле күбөлүктү сатып алышат да, кымбат баалуу чет өлкөлүк үлгүдөгү автунааларды каалагандай айдашат.

Ысыккөл облустук МАИ бөлүмүнүн улук кызматкери Талантбек Жумабеков мындай чет өлкөлүк автоунааларды кубалап жетүү да мүмкүн эмес дейт. Айдоочулукка үйрөтүүчү мекеме өкүлдөрү айдоочунун күбөлүгү сатылары тууралуу дооматтарды караманча төгүндөп келишет.

Кыйма-чийме жолдордун сапатынын начардыгы кырсыктардын дагы бир негизги себептеринин бири катары аталып келет. Мындай көз караштагыдардын бири - Бишкектин тургуну айдоочу Бактыбек Нусупов: "Жолдун көпчүлүк бөлүгү уңкур-чуңкур болуп атпайбы. Бул жердеги чоңдор оңдоп атабыз дегени менен борбордук жолдор оңдолуп, башка жактагы жолдор каралбай калбадыбы. Боом капчыгайы, Нарын тараптан эмнеге көп кырсык катталып атат, демек автожолдор кууш, жаман. Чуңкурлардан буйтайбыз деп атып сүзүшүп атышпайбы. Менин оюмча жол кырсыгынын чыгышына негизинен кан жолдордун талапка жооп бербегени себеп болууда."

Бишкектик айдоочу Тургунбай Акматов адам өмүрүн алган жол кырсыгына МАИ кызматкерлери өздөрү шарт түзүп жатат дейт. Анын баамында, инспекторлор жол эрежелеринин сакчысы болбой эле, айдоочуларды айыпка жыгып, каражат өндүрүүгө кызыкдар болушууда.

Айдоочу Исмаил Исраиловдун пикиринде, Транспорт министрлиги бир тараптуу жолдорду, ыкчам жүрүүчү кан жолдорду көбөйтсө, ошондой эле МАИ жол эрежелерин бекем сактоонун механизмин иштеп чыкса, жол кырсыгы алда канча азаймак.

Кабыл Макеш, Бишкек

XS
SM
MD
LG