Оппозициялык күчтөр мамлекеттик төңкөрүш жасоо жолун ойлошконун, алар К.Бакиевди кетирип, ордуна Ф.Куловду коймок болушканын, анан аянттагы элдин санынын аздыгына, «Реформа үчүн» кыймылын жер-жерлерде жапырт колдоо болбогондугуна чындап көзү жеткенден кийин Ф. Кулов прмеьер-министр эле бойдон калгысы келип, мурдагы оюнан баш тартканын, 2-ноябрга чейин ал оппозициядагы шериктештери менен «бирге» болгонун, 2-ноябрдан кийин досторун сатып кеткенин, героин чуусу да так ушул Куловдун сценарийи менен жасалганын, алтургай кылмыш дүйнөсүн Кулов башкарарын, баса Кыргызстандын өкмөт башчысы ЦРУнун да агенти экенин, андыктан Америка Кыргызстанды НIPC программасына киргизүү үчүн Бакиевге Кулов аркылуу басым жасап атканын айтып чыкты «Белый пароход» гезитиндеги аңгеме-дүкөнүндө жалындуу коммунист, кедей-кембагалдарды бакты-таалайга жеткирүү идеясы үчүн күрөшүп келаткан Клара Ажибекова айым.
Өкмөттүн отставкасы менен парламенттин таркашы тууралуу талаш күн санап күчөп баратканы байкалууда. Ушул маселеге кызыккан «Слово Кыргызстана» гезитинин суроосуна депутат Темир Сариев, эгер өзүн өзү таркатуу маселеси парламентте чындап эле көтөрүлө турган болсо муну колдоорун, андыктан мандатын таштап кетүүгө даяр экендигин, депутат Акматбек Келдибеков, ушу кезде парламенттин кеңешмесине да баргысы келбей калганын, Жогорку Кеңеш элдин жашоосу, өлкөнүн экономикасы менен алектенбей эле сасясат сарайына айланып бүткөнүн, депутат Сооронбай Жээнбеков, абал азыр кыйын экенин, парламент тарап, кайрадан шайлоого бара турган болсо Кыргызстан кыйрап түшөрүн, депутат Кубатбек Байболов, парламентти таратуу деген сөз эмоцияга алдыргандардын, Кыргызстанды азап-тозоктон чыкпасын дегендердин ой-тилеги экендигин айтышкан.
«Энесай» гезити бүгүн Бакиев доорунун башкаармандарына айланып турган биртууган Коңгантиевдерди коргоого алган макаласында аларды учурунда Акаевдин эң жакын дөлөңгүттөрүнүн бири болгон Болот Жанузаковго салыштырып, ачуу сөздөрдүн жүйөсү бары да, жүйөсү жогу да ушул кишилерге тийип жатканына жанын кейиткен.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ