Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

КУСЕИН ИСАЕВ: ПАРЛАМЕНТТИ ТАРАТУУ САЯСИЙ ШОУДАН БАШКА ЭЛГЕ ЭМНЕ АПКЕЛЕТ?


Социология жана саясат таануу боюнча көрүнүктүү адис Кусейин Исаев соңку саясий окуялардын тегерегинде “Азаттык” радиосу менен түз эфирде ой-пикир бөлүштү.

- Аялдарды мамлекеттик башкарууга аралаштырууну караган мыйзамдын парламентте өтпөй калышы кокустукпу, же активисттер айтып келаткандай, патриархалдык стереотиптер үстөмдүк кылган өлкөдө бул кадыресе көрүнүшпү?

- Бул бүгүнкү кыргыздын саясий турмушунда кадыресе көрүнүш, себеби бүгүнкү парламенттин өзүнүн депутаттары кыргыз элинин жалпы журтчулугунун маанайын чечкиндүү көтөргөнгө, мыйзамдарды кабыл алууга деңгээли жетишпейт. Экинчи маселе, бүгүнкү күнү кыргыздын коомчулугунда парламентти таратабызбы, же таратпайбызбы деген маселени күн тартибине коюп жатышат. Менимче, бүгүн суроону мындай коюшубуз керек : эмне үчүн парламентти таратышыбыз керек? Эгерде 2005-жылдын 24-мартындагы элдик ыңкылаптын эрежелери талабы менен келген болсок, парламентти таратуу маселесинде бир жарым жылга кечиккенбиз.

Азыр эми күчтөнүп “реформа, реформа” деп кыйкырып жатып Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алдык. Бул өтө шашылыш жүрдү, көп маселе быша элек болчу. Чын-чынына келгенде саясатчылардын көбү тизгин талашып, элди унуткандыктын белгиси. Ошондуктан бүгүнкү күнү парламентти таратыштын канчалык түрдө, элдин турмушу менен элдин маанайын караганда, зарылчылыгы бар. Карап көрүңүзчү, чын-чынына келгенде биз кайра жаралуу, кайра жаңылануу Конституциясын кабыл алган жокпуз. Мына ушундай болгондон кийин, акыры кабыл алгандан кийин ушул Конституция менен жок дегенде азыркы бийликтегилердин мөөнөтү бүткөнчө иштеп, керектүү мыйзамдарды кабыл алышыбыз керек. Мисалы, партиялар жөнүндөгү мыйзам чийки. Ошондой эле шайлоо кодекси жөнүндө, паракорлукту, уруучулукту, жердешчиликти жоюп, кантип таза шайлоо өткөрөбүз - бүгүнкү күндүн күн тартибиндеги маселе ушулар да.

Биз мыйзамдарды кабыл алуунун ордуна келип алып саясий шоуга, саясий талаш-тартышка элди түрткөнү турабыз, бул биринчи маселе. Экинчи маселе, элдин турмушун качан ойлойбуз. Мына кыш келди. Бүгүн республиканын бардык аймагында кар жаап, муз тоңуп атат. Чындыгында быйыл кургакчылык болгон, чөп, тоют жетишпейт. Быйыл кыш катуу болот. Жут деген түшүнүк бар кыргыздарда байыртадан калган, жут болушу ыктымал. Биз аны ойлогондун ордуна келип алып элди кайра саясий күрөшкө түрткөнү турабыз. Мунун бардыгы тең биздеги бүгүнкү акыйкатчылыктын, калыстыктын, адилеттүүлүктүн жоктугунан болуп жатат. Элди ойлогондун ордуна күндөлүк саясатка элди түртүп атабыз, бул жакшылыкка алып бара турган жол эмес.

- Бул маселе кайдан чыгып атат, шамал кайдан согуп атат?

- Биринчиден, бүгүнкү саясий элитанын арасында биримдик жок. Булар бийликти, байлыкты талашкан үчүн шамал ошол жактан согуп жатат. Эгерде элди ойлогон болчу болсок, эртеңки кыргыздын өнүгүү, кайра жаралуу, кайра жаңылануу жагын ойлонгон болсок биз башкача иш кылган болот элек.

- Депутат Байболовдун айтымында, парламент өзүн-өзү таркатууга барбайт, барган күндө дагы мындан жакшылык болбойт. Себеби азырынча партиялар чабал. Сиз дагы айтып кеттиңиз партиялар боюнча мыйзамдар чийки деп. Сиздин пикириңизче, эгерде ушуга өтө турган болсок, эл жаңыча шайлоого, тактап айтканда партиялык тизме аркылуу депутаттарды шайлоого даярбы?

- Азырынча бизде толук мыйзам жок. Биз мыйзамдын негизинде иштеш үчүн мыйзамды кабыл алышыбыз керек. Ошон үчүн жаңы Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алгандан кийин бир топ мыйзамдарды ошого ылайыкташтырышыбыз керек. Ошондон кийин гана таратуу же таратпоо жөнүндө маселе коюшубуз керек. Бул жагынан, менимче, Байболов туура пикирде болуп жатат.

XS
SM
MD
LG