Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:22

HIPC МЕНЕН УЛУТТУК АРНАМЫС, КИМИСИНИН ТАРАЗА ТАШЫ ООР?


Кыргызстан тышкы карыздын жүгүн жеңилдетүү боюнча эларалык валюта кору менен Дүйнөлүк банктын HIPC программасына кирбеши керек. Мындай пикирин парламенттин каржы жана бюджет комитетинин мүчөлөрү билдиришти. Анткен менен өкмөт эгер шарты туура келсе тышкы карыз жүгүн жеңилдетүүчү программага кире тургандыгын айтууда.

Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Марат Алапаев тышкы карыздын жүгүн жеңилдетчү HIPC программасына кирүү-кирбөө экономикалык проблемадан саясий маселеге айланып кетти деп эсептейт. Анын оюнча, бул өзү жакшы программа.

- Көп жагынан изилдеп, мынабу сандарды карап чыктык. Ошондон кийин гана бир чечимге келип HIPC программасына кирсек болот деп кеңеш бергенбиз.

Парламенттин каржы жана бюджет комитетинин төрагасы Акматбек Келдибековдун ырасташынча, Кыргызстандын өзүнүн ички мүмкүнчүлүктөрү деле жетиштүү. Бирок да өкмөт аны натыйжалуу пайдаланууга жетише албай жатат. Өңгөсүн эсепке албаганда деле, энергетика менен тоокен өндүрүшүн сарамжал пайдалануу өлкөнү карыздан куткарып, элдин турмушун жакшыртат эле.

- Эмне үчүн «Жерүйдү», мынбу электр энергиясын бөлүштүрүү компанияларын, дегеле энергетика боюнча кеп болсо эле баарыңар бир добуштан «сатыш керек» деп чыгасыңар? «Баланчага бериш керек» деп «шапкесин» алып сатканы чыгасыңар.

Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров эгер эларалык каржы уюмдарынын 2004-жылдан берки демилгеси катары дүйнөнүн 29 өлкөсүнө карата колдонулуп келаткан HIPC программасына кирип калса бери дегенде жарым миллиард, иш жакшы жүрүп кетсе 1 миллиард 50 миллион доллар карыз жүгүнөн Кыргызстан бошонуп алар эле деген пикирде. Министр бул талылуу маселе сөзсүз парламентте талкууланып, анын макулдугу алынгандан кийин гана чечилиши ыктымал дейт.

- 80 – 90 миллион долларга чейин биз жыл сайын чет өлкөдөн алып, биз бюджетибиздин жетишпестигин жаап келатабыз. Алынган акча реалдуу секторго жумшалат. Ошол акча келбей, биз бюджет жетишпестигин жаба албай калабыз. Экинчиден болгон карым-катыштын баарын жокко чыгарабыз.

Кыйладан бери кызыл чеке талаштан башы чыкпай келаткан тышкы карыз маселесин опоңой чечүүнүн революциячыл жолун депутат Арслан Малиев сунуштады.

- Биз эмне кылышыбыз керек? Мен муну парламентке да сунуштайм. 24-мартта революция болду дейбиз да, тышкы карыздын баарынан баш тартабыз.

Ушул жылдын 2-декабрында Дүйнөлүк банктын миссиясы Бишкекке келип, кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштайт. HIPC маселесин парламент мүчөлөрү ага чейин эле палата талкуусуна салып, өз позициясын эл алдында чыгарууга камданууда.

Бекташ Шамшиев, Бишкек

XS
SM
MD
LG