Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:58

ЛИВАНДА САЯСИЙ КРИЗИС ТЕРЕҢДЕЙТ


Ливандын өнөр жай министри Пьер Джемаил акыркы бир жарым жылдын ичинде киши колдуу болуп өлгөн бешинчи ливандык саясатчы болуп калды. Джемаилди белгисиз бирөөлөр 21-ноябрда Бейруттун христиандар жашагана чөлкөмүндө машинеси менен кетип бараткан жеринен атып өлтүрүшкөн. Джемаилдин тарапкелери анын өлтүрүлүшүндө Сирияны күнөөлөп, тажия белгиленген бейшемби күнү антисириялык митинг өткөрүүгө үндөп жатышат.

Пьер Джемаил Ливанда бир жарым жылдан бери киши колдуу болуп өлгөн бешинчи саясатчы. 2005-жылы февраль айында өлкөнүн мурдагы премьер-министри, антисириячыл саясатчы Рафик Харири бомба жарылуусунан курман болгон. Антисириячыл саясатчылар бул кылмыштардын артында Сирия тургандыгын айтууда.

21-ноябрда Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Харининин өлтүрүлүшүнө байланыштуу ишти эл аралык трибуналдын кароосуна берүүнү чечти. Эми бул чечимди Сириянын кабинети колго койуусу керек. Бирок, бул маселе кабинеттеги жиктелүүнү ого бетер тереңдетип, антисириялык көз караштагы Фоуад Синьора бштаган кабинеттин биротоло кыйрашына түрткү болушу ыктымал. Мындан мурда Синьоранын кабинетинен Сирияга ыктаган беш министр чыгып кеткен. 21- ноябрда Синиора алтынчы министри-Джемаилден айрылды. Ошондуктан байкоочулар Ливанда саясий кризис жакын арада күч алат, деген пикирде.

АКШнын Тынчтык Институнун аналитиги Мона Якообин мындай дейт: "Ливандын өкмөтү абдан калпыс жагдайда калды жана биз муну аңдоо үчүн эл аралык сахнада болуп аткан айрым окуяларды да эске алуубуз керек. Атап айтканда, Улуттар уюму Харирини өлтүргөндөрдү Ливан кабинетинин сунушу менен эл аралык трибуналга берүүнү чечти."

Ливан азыр просириялык жана антисириялык саясатты колдогондорго жиктелген. Сирияны хесболлачылар жана алардын айрым христиан өнөктөрү колдошот жана премьер Синьора баштаган антисирячыл саясатчыларды "батышчыл" саясат жүргүзүп жатышат деп айыптоодо.

Антисириялык саясатты суннилердин жана христиандардын ичинде колдогондор арбын. Аналитик Мона Якообин сектанттык бөлүнүп- жарылуу өлкөдө дагы бир ички согушту тутандырышы мүмкүн дейт.
Көптөгөн байкоочулар Ливан бир жагында АКШ, ал эми экинчи тарабында Сирия менен Иран турган ойунчулардын сахнасы болуп калганын кыйытышат. Вашингтон Ливанды Сирия менен Иранды изоляциялоонун каражаты катары колдонууда дешет серепчилер.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG