Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:37

СИРИЯ-ЛИВАН МАМИЛЕСИ КАЙРАДАН КУРЧУШУ ЫКТЫМАЛ


Ливанда кечээ өнөр жай министри Пьер Жмаелдин атылып өлтүрүлгөнүнө байланыштуу аза күтүү жарыяланды. Бүгүн өтө турган Эгемендик күнү белгиленбей калды. Бул кылмышты эл аралык коомчулук кескин айыптоодо. Маалыматтарга караганда Ливандын мурдагы президенти Амин Жмайелдин уулу Пьер Жмайель жергиликтүү христиан-марониттер жамаатынын лидери болчу жана антисириялык көз карашты бекем карманчу. Ошондуктан 34 жаштагы Пьер Жмайелдин өлүмү Ливандагы мусулмандар менен христиандар ортосундагы мамилени чыңалтып, Сирияга каршы маанайды курчутушу мүмкүн деп айтылууда.

Кылмышкерлер Пьер Жмайелди Бейруттун чет жакасында аңдып турушуп, анын машинеси жакындаганда аткылашкан. Бул кол салуудан кийин тез жардам келгенче министр тирүү болчу, бирок жаракаттары өтө оор болгондуктан, оорукканада эсине келбей жатып көз жумду. Жаш болсо да, Ливанда өтө популярдуу саясатчынын өлүмү өлкөнү үч көтөргөн окуя болду.

“Ливандык фалангалар” партиясынын мүчөсү, белгилүү саясий үй-бүлөөдөн чыккан Пьер Жмайель парламенттеги антисириялык көз караштагы саясатчылардын катарына кирчү. Ал эми Ливан парламентиндеги анти-Сириячыл көпчүлүктүн лидери Саад Харири министрдин өлүмү жөнүндө кабарды уккан соң, бул өлүмгө себепкер деп Сириянын атайын кызматтарын күнөөлөдү:

- Мага азыр эле министр Пьер Жмайельди атып кетишкендигин айтышты. Биздин оюубузча, бул кылмыштын артында Сирия турат.

Саад Хариринин билдирүүсүн расмий Дамаск четке какты. Сириянын борбордук комитетинин мүчөсү Фейсал Кульсум сириялык күчтөр Ливандан 2005-жылы чыгарылганын жана мындан ары коңшу өлкөнүн коопсуздугу үчүн жооп бербей турганын айтып, Сирия Ливандагы туруктуулукка кызыкдар болгонун баса белгиледи. Ошондой эле бул кылмышка тиешеси жоктугун "Хезболла" тобу дагы билдирди.

Акыркы эки жыл ичинде бул өлкөдө саясий адам өлтүрүүлөр биринен артынан бири орун алды. 2005-жылы, 14-февралда өлкөнүн экс-премьери Рафик Хариринин машинеси жарылса, ошол эле жылдын июнь айында белгилүү журналист, саясий активист Самир Кассир жана комунисттик партиянын мурдагы лидери Джордж Хауинин машинелерине дагы бомба коюлган. Ал эми декабрда “Ан-Нахар” гезитинин башкы редектору Гасан Твейнге дагы ушундай ыкма менен кол салынган. Булардын баардыгы Сирияга каршы сын-пикирлерин айтып келишкен деп белгилешет адистер.

Саясий байкоочулардын айтымында Пьер Жмайелдин өлүмү Ливандагы ансыз да опурталдуу кырдаалга чагым салышы мүмкүн. “Азаттыктын” Бейруттагы кабарчысы Дани Хуринин билдиргенине караганда бул окуядан кийин көчөлөрдө ызы-чуу башталды:

- Шаардын көчөлөрүндө кыймыл абдан күчөдү. Министрди өлтүргөн көчө толугу менен жабылды. Бул Бейруттун батышы менен түндүгүн байланыштырган негизги көчө болуп эсептелет.

Ушул жайда Израилдин Хезболлага каршы согуштук аракеттеринен Ливан терең саясий кризиске учураган. Жмайелдин өлүмү бул кризисти дагы да курчутту. Бул кылмышка чейин Сириячыл “Хезболла” уюму жана мурдагы премьер-министр Михаэль Оун азыркы премьер-министр Фуад Синиордун өкмөтүн кулатуу үчүн баш ийбөө акцияларын өткөрүүнү пландаштырып жатканын айтып келишкен. Алар азыркы бийликти Америка өкмөтү менен байланышта деп айыптап келишкен.

Ал эми Амерканын мамлекеттик катчысынын орун басары Николас Бернс, Вашингтондо сүйлөгөн сөзүндө бул кылмышты сынга алып, Пьер Жмайелдин үй-бүлөөсүнө терең кайгыруу менен көнүл айтуу билдирди: - Бул Ливан үчүн өтө кайгылуу күн. Биз бул окуяны терроризм катары баалайбыз. Биз муну антисириялык саясий блоктун үшүн алуу аракети деп түшүнөбүз. Баардык өлкөлөрдүн милдети- Фуад Синиордун өкмөтүн колдоо жана Ливандагы саясий кырдаалга бүлгүн салгысы келгендерге каршы чыгуу,- деди Николас Бернс.

Ал эми кыргыз саясат таануучусу Нур Омаров министрдин өлүмү бир топ ислам топторунун активдешүүсүнө алып келет деген оюн ортого салды:

- Менин пикиримде, кечээки окуянын күнөөкөрлөрү азырынча белгилүү болбосо дагы Ливандын ички саясатына жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна таасирин тийгизет. Ошондой эле мурда анча жакшы активдүү боло албай жаткан исламдык террористтик топтордун активдешүүсүнө жол ачат. Алар Жакынкы Чыгышта тынчтыкты орнотууга аракет кылып жаткан Орусия, АКШ жана Батыш Европа өлкөлөрүнүн ишмердүүлүгүн токтотконго аракет жасашат.

Ошондой эле Нур Омаров бул окуя Борбордук Азияга дагы өз таасирин тийгизет деген пикирин билдирди:

- Эгерде биз Борбордук Азия үчүн тийгизген таасирин алып карай турган болсок, бул биз үчүн абдан эле чоң мааниге ээ. Себеби бул окуя Борбордук Азиядагы тынчтыкты каалабаган топтор үчүн мисал болуп, алар муну кайталашы мүмкүн. Балким айрым ыкмалар дагы колдонулат. Менимче бул Жакынкы Чыгыш үчун гана эмес, ошондой эле биз үчүн дагы чоң трагедия.

Зейнеп Мартбек кызы, Бишкек
XS
SM
MD
LG