Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

РОССИЯ БСУга КИРСЕ, ӨНӨКТӨШТӨР КАНТЕТ?


Бүткүлдүйнөлүк соода уюмуна ырасмий түрдө кабыл алынган соң Россия мунун бир катар үзүрүн көрөт.Ошол эле учурда мындай абал анын регионалдык соода өнөктөштөрүнө да таасирин тийгизет.БСУга буга чейин эле кошулган экс-советтик бирин-серин республикалар Россия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө азырынча айрым бир көзүрлөргө ээ болду, ал эми уюмга кире электери болсо жакынкы аралыкта Москвадан соода-сатык чөйрөсүндө кысымга кабылышы ыктымал.

Россиянын бүткүлдүйнөлүк соода уюмуна кошулушундагы эң чоң каскак жоюлду: өткөн аптада АКШ менен атайын келишимге кол коюлду. Эми Москва уюмдун эки мүчөсүнүн – Грузия менен Молдавиянын макулдугун алууга тийиш. Кишинев менен Тбилиси өздөрүнүн БСУдагы мүчөлүк абалын пайдалана тургандыгын жашырып-жапкан жок. Грузиянын экономика жана структуралык реформалар министринин орунбасары Вахтанг Лецхава Тбилиси Россияга макулдук берер-бербесин 2004-жылы кол коюлган протоколдун аткарылышы менен байланыштыра тургандыгын ырастады. Бул келишим азыр иштей элек. Бул тууралуу Грузия БСУну жана Россияны ырасмий түрдө маалымдар кылды.

Тбилисилик найып министрдин бул сөзү Грузиядан бир катар товарларды ички рынокко киргизгенге тыюу салган орус өкмөтү өз чечимин өзгөртүшү керек дегенди билдирет. Ушундай эле абалда турган Молдавия да Москва менен сүйлөшүүлөрдө өз продуктыларына, айрыкча молдован виносуна салынган эмбаргонун алынышын талап кылмакчы болуп жатканын өлкөнүн экономика министри Игор Додон бышыктады.

Украина дүйнөлүк соода уюмуна Россиядан озунуп мүчө болгонго ниеттенген эле. Тышкы саясат маселелери боюнча жергиликтүү эксперт Александр Палий өлкөдөгү антикризистик коалициянын айынан Россия соода уюмуна Украина менен катарлаш же андан мурда киргенге мүмкүндүк алганын ырастап,бул үчүн жоопкерчиликти Януковичтин өкмөтүнө жүктөдү. Эгер өкмөт илбериңкирээк болгондо Украина да көзүрлүү болуп, Москва менен сүйлөшкөндө ага өз талаптарын таңуулаганга мүмкүндүк алмак. Янукович мындай мүмкүндүктү алдырып жиберди,дейт Палий.

Киевдеги экономикалык изилдөө институтунун директору Игор Бераковскийдин айтымында, эмки маселе Украина БСУга Россиядан канча мезгил кечеңдеп кабыл алынат, мына ушунда калды. Кандай болгон күндө Москва келечекте БСУнун мүчөсү катары Украинага кысым жасаганга көбүрөөк мүмкүндүккө ээ болду.

Россиянын дагы бир чоң соода өнөгү – Казакстан да ушундай абалда калды. Астанадагы дүйнөлүк экономика жана саясат институнун аналитиги Гүлнара Смаилова жакынкы аралыкта Казакстан БСУга кошула албаса,анда коңшулардын кысым-кыйгагына даяр болушу керектигин эскертти. БСУга кирген өлкөлөр жыл сайын тарифтерди төмөндөтүп, Казакстандан да ушуну талап кыла башташат. Бу болсо,Смаилованын айтымында, өтө кооптуу.

Алматылык эксперт Канат Берентаев БСУга Россия менен бирге кирүү идеясын көп жагынан Казакстан өзү жыдытып алганын кошумчалады. Ошол эле учурда ал Казакстан менен Россия бирдиктүү экономикалык мейкиндикке киргендиктен, Москвага эми ЕвразЭСтеги позициясын БСУга мүчө болордогу милдеттенмелерине ылайык келтиргенге туура келерине да көңүл бурду. Мунун натыйжасында аталган структуралар ортосундагы мамилелер да бир топ өзгөрүшү ажеп эмес, дейт ал.

Эсенбай НУРУШЕВ, Прага

XS
SM
MD
LG