Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

ВЛАДИМИР ПУТИН: «МАМЛЕКЕТКЕ КЫЗМАТ КЫЛАМ ДЕСЕҢЕР – МАЯНАҢАРГА ЖАШАГЫЛА!»


Президент Владимир Путин шейшембиде Кремлде тартип коргоочу органдар кызматкерлеринин Бүткүлорусиялык кеңешмесинде чыгып сөз сүйлөдү. Паракорчулукту кантип жоюу керектигин кеп кылып, президент, ал үчүн баарыдан мурда мамлекеттик кызматчылардын өз кирешесинин жүзүн ачууну сунуштады. Үстүдөгү жылы колго түшүрүлгөн кылмышкерлер эсеби былтыркы жылга катар койгондо 12,3 пайызга өскөндүгүн белгиледи.Саясий анализчи Виктор Кременюк орусиялыктар тартип коргоо органдарына кошумча киреше табыш үчүн орношот, ошондуктан паракорчулукту жоюу дегеле мүмкүн эмес дейт.

Жылыга Кремлде өтүп жүрүүчү Бүткүлорусиялык чогулушка аскер кызматындагылар, атайын кызматтагылар, милиция, бажы жана прокуратура кызматкерлери катышкан. Ал жердеги кеп Путиндин паркорчулук менен күрөштү күчөтүү керек деген сунушунан кийин ошол багытка оогон. Орусиялык лидер бул багытта иштөөдө кылмышкерлер эле эмес тартип коргоочулар чөйрөсүндө да ага берилип кеткендер бар экенин айткан:

«Сот бийлиги менен тартип коргоочу органдардын өкүлдөрүнөн (паракорчулукка барбоо - ММ) талабын мыйзамдын ариби менен бекемдеп, ага тыюу салууга эми кез келди», - деген президент. Андай сунушту ишке ашыруу үчүн тартип коргоо органдарында иштегендердин өзү гана эмес бүлөсүнүн да кирешесин, менчигин текшерип туруу боло тургандыгын боолголоткон.

Акчаны жакшы тапкан кызматкерлердин азыркы тушта деле жыл сайын салык төлөө кызматына билдирип туруу милдети бар. Бирок ал милдетти куулук кылуу жолу менен жеңип алгандар көп экенин паракорчулукка каршы күрөшүү комитетинин жетекчилеринин бири Борис Резник айтат:

«Алардын декларациясына караса – алар министр болуп турса да үстүндө үйү жок, ийнинде дегеле акыркы кемсели калган бир байкуш болуп чыга келишет», - дейт Мамдуманын депутаты.

Ал эми элдин соттон адилеттүүлүк издебөө - баарыдан мурда сотун паракорчулукка берилип кетишинен дейт Индем корунун анализчиси Владимир Римский. Ошол себептүү: «Биздин атуулдардын көпчүлүгү дегеле сот өкүмү аркалуу өзүнүн укугун талашуудан баш тартышып, андай тобокелдикке баруудан качышат»,- дейт Римский.

Чогулуш үстүндө башкы прокурор: «2005-жылы өлкөдө 9 миң жолу пара алуу катталса, быйылкы, болгону тогуз айдын ичинде пара алуу 9 миң 500гө жетти», - деген ал жана үстүдөгү жылы 2007 паракор түрмөгө кесилгенин да айткан.

Анализчилер чөйрөсүндө бул компания - келе жаткан парламентти шайлоого карата президенттин дагы бир демилгеси дегендер да бар.


Муса Мураталиев, Маскөө

XS
SM
MD
LG