Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:40

КМШдагы ЫҢКЫЛАПТАР ЭЛДИН ЭРКИНДИККЕ БОЛГОН ИШЕНИЧИН БЕКЕМДЕДИ


Кечээ, 22-ноябрь күнү Украинада саргылт ыңкылап башталган күн белгиленсе, бүгүн Грузияда экс-президент Шеварднадзени бийликтен кетирген роза ыңкылабынын 3 жылдыгы майрамдалат. Эки өлкөдөгү элдик көтөрүлүштөр өз максатына жеттиби?

- Баары биз күткөндөн башкача болуп чыкты. Биз өлкөдөгү саясий система өзгөрөт, бийлик ар кандай шектүү кишилерден тазаланат деп ишенген элек, андай болгон жок.

Буларды айткан Григорий Вахапов – Украиналык Жаңы каналдын журналисти, эки жыл мурда Киевдин башкы аянтында күнү-түнү кетпей, кычыраган суукта өлкөдөгү жаңы өзгөрүүлөрдү каалап, аянтта жумалап турган он миңдеген кишилер арасында болгон. Саргылт ыңкылап маалында Киевдеги окуялар дүйнө коомчулугунун көңүл борборун ээлеп, мына эми Украина Москванын чынжырынан биротоло бошоп, Батышты көздөй бет алат деген комментарийлер жаңырып турган эле.

Ал окуялардан эки жыл өттү, ыңкылаптын жардамы менен бийликке келген президент Виктор Юшенконун атаандашы Виктор Янукович азыр премьер-министр, аны парламентте көпчүлүк мандаттарга ээ Региондор партиясы колдоп сүрмөлөп турган кез. Элдик толкундоолор маалында баатырга айланган президент Юшенконун популярдуулугу төмөндөп, анын партиясы азыр оппозицияга өткөн. Украин президентинин добушу мурдагыдай шаңдуу чыкпаса да, ал артка тартпайбыз деп кайталоодо.

- Баары аяктаган жок. Демократиялык жараянды алсак, элдин басып өткөн тарыхын жана азыркы баалуулуктарды алсак, көп нерселер урматтоого арзыйт. Кээ бир кишилер азыр, дароо өзгөрөт дешет экен. Бул туура эмес көз караш.

Украинада ошентип, саргылт ыңкылаптын эки жылдыгы шаан-шөкөтсүз, катардагы дем алыш күнүндөй элди эс алдырган күн болсо, анын эртеси Грузияда роза ыңкылабынын 3 жылдыгы мамлекеттик майрам катары белгиленээри күтүлүүдө.

3 жыл мурун миңдеген кишилер Тбилисидеги парламент алдында чогулуп, аздан соң имараттын ичине кирип барып, экс-президент Эдуард Шеварднадзенин кызматынан кетишин талап кылган эле. Ал окуялардан кийин Грузияны башкарууга президент Михаил Саакашвили баш болгон жаш саясатчылар мууну келген. Октябрь айында өткөн жергиликтүү шайлоодо Саакашвилинин партиясы чечкиндүү жеңишке ээ болду. Андан сырткары жакында Орусия менен Грузия ортосунда болгон дипломатиялык тирешүү, тыңчылар чатагынан улам грузин коомчулугун оң-сол тарабы бириге түшкөнсүдү.

Кыргызстанда мурдагы президент Аскар Акаевдин авторитардык режимин кулаткан март ыңкылабынын оош-кыйыштары көп болгону менен, байкоочулар тарабынан Борбор Азияга эркиндик демин ала келген окуя катары бааланып келатат. Ага далил катары өлкөдөгү оппозициячыл күчтөр жакында көчө акцияларын уюштуруп отуруп, конституцияны өзгөртүп, президенттин бийлигин чектөөгө жетишти.

Украина, Грузия, Кыргызстандагы ыңкылаптардын башкы жетишкендиги ушул – элдин эркиндикке болгон ишеничин бекемдегени болду окшойт. Киевдеги майданда суукка карабай толкуп турган эл алдында ырдаган Киевдик “Океан Эльзы” тобунун ырчысы Святослав Вахарчуктун айткандары ага күбө:

- Менден бүгүн бирөө майданга кайра барасыңбы деп сураса, "албетте" деп жооп бермекмин. Анткени биз анда элдин өз тагдырын өзү чечүү эркиндиги, өз мекенибиздеги жарандык жана саясий эркиндиктер үчүн күрөшкөнбүз. Бул баарынан маанилүү.

Венера Сагындык кызы

XS
SM
MD
LG