Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 06:40

ПАРТИЯЛЫК ЖАРЫШКА СТАРТ БЕРИЛДИ


Парламенттин тең жарымын партиялык тизме менен шайлоо жөнүндө мыйзамдык норманын жаңы Конституцияга кириши саясий партиялар арасында саясий жарыштын жаңы доорун баштоого берилген старттык белги болуп калды. Ушул тапта кызуу талкууланып аткан маселе - Жогорку Кеңеш тарайбы, тарабайбы, аны азыр болжоп айтуу кыйын. Бирок, ошого карабастан саясий уюмдар ич ара кеп-кеңеш жүргүзүп, саясаттын ырайына байкоо салып, саясий мүдөө-максаттарына жараша эртеңки шайлоого эмитен эле кам-кечек көрө баштаганы байкалат.

Кыргызстанда саясий партиялардын саны сексенден ашып жүзгө жакындап калган менен алардын мүчөлөрүнүн катары аябай эле суюк, социалдык базасы чабал, өнүккөн эмес. Ошондуктан, адистердин баамында, мындай шартта партиялар шайлоого биригип чыккандан башка туура жолу жок. Биригүү процесси эмитен эле башталганын соңку окуялардан эле баамдаса болот.

«Менин оюмча партиялар негизинен эки чоң лагерге бөлүнүп жатышат. Биринчиси- оппозициялык блок. Булар, албетте, Текебаев, Бекназаров, Эшимканов сыяктуу активдүү оппозициячыл депутаттар башында турган күчтөр. Бул күчтөрдү «Ата Мекен» жана «Асаба» партиялары баштап чыгат. Экинчи блок – азыркы бийлик тарапка ыктаган партиялар, бул биринчи иретте, «Эмгек жана Биримдик», ошондой эле «Эркиндик» партиялары. Бул жакка айрым бир компромисстик келишимдер аркылуу коммунисттер да кошулуп кетиши ыктымал»,- дейт саясат таануучу Марат Казакпаев.

Азыркы бийликке жан тартып ыктаган саясий уюмдар соңку учурда конструктивдүү күчтөр деген аттын алдына баш кошуп баштаганы байкалат. Анын чордонунда он чакты партия, жыйырма жакын коомдук уюмдарды бириктирип турган «Куттуу Кыргызстан» саясий бирикмеси турат. Ноябрдын башында болгон митинг маалында «Куттуу Кыргызстан» бирикмеси «Эмгек жана Биримдик», «Жаңы Кыргызстан», «Элдик кыймыл», үй куруучулар, коммунисттер жана жаңы түзүлгөн «Таза коом» сыяктуу саясий партиялар чогулуп, жыйын өткөрүп, бир мүдөө-максатта экенин жар салышкан. Алар Конституцияны парламентте эмес элдик референдумга кабыл алуу жөнүндө бирдиктүү сунуш менен чыгышкан.

«Куттуу Кыргызстан» бирикмесинин жетекчиси Топчубек Тургуналиевдин айтымында, конструктивдүү күчтөр деп аталган саясий уюмдар парламенттик шайлоодо бир блок менен чыгышы же бирин-бири колдоп кызматташып, шайлоо өнөктүгүн өз ара макулдашып жүргүзүшү мүмкүн.

Азыркы бийликке оппозицияда турган саясий күчтөр «Реформа" кыймылы аркылуу ноябрдын башындагы митинг акциялардын учурунда бөлүнүп таанылып калышканы жогоруда айтылды. Алардын чордонунда «Ата Мекен» «Асаба» партияларынан сырткары Алмаз Атамбаев жетектеген социал-демократтар жана Кубатбек Байболов баштаган «Демократиялык күчтөр биримдиги» партиясы да бар. Адистер буларды дагы өз кезегинде шайлоого бирдиктүү блок менен чыгууга аракет кылат деп ойлошот. Жакынкы болочокто бул партиялар бир партияга айланып кетер ыктымалдыгы да талкууланган, бирок бир чечимге келгенге азыр оппозициядагы саясатчылардын ой-пикирлери быша электей туюлат.

Премьер-министр Ф. Куловдун партиясы болгон «Ар-намыс» уюму азыркы учурда ички талаш-тартыштардан чыга албай жатканы коомчулукка угулган. Байкоочулар бул партиянын орду жана жакынкы багыты жөнүндө эки ача пикир айтып жатышат. Топчубек Тургуналиевдин айтымында, «Ар-намыс» партиясы Куловго зыян тийбесин деп гана тактикалык максатта реформачылардан митинг учурунда убактылуу оолактап кетти, а чынында анын орду Бакиевге каршы лагерде турат. Саясат таануучу Марат Казакпаевдин пикиринде, «Ар-намыс» Куловдун партиясы болгондуктан, анын орду баары бир ушул саясий тандемдин жанында болот.

Жогоруда айтылган эки блокко кирбеген анча таанымал эмес дагы бир топ майда партиялар бар. Алар азырынча кай жакка ыктай турганын чечише элек.


Кубатбек Чекиров, Бишкек

XS
SM
MD
LG