Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:42

МАЙРАМКАН АБЫЛКАСЫМОВА 70 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИН БЕЛГИЛЕЙТ


Бүгүн Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымованын 70 жылдык мааракеси белгиленет.

Кыргыз Республикасынын эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын, Бүткүл союздук Ленин комсомол сыйлыгынын лауреаты, көптөгөн адабий сыйлыктардын ээси Майрамкан Абылкасымованын 70 жылдыгын белгилөө боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөтү атайын токтом кабыл алып, өкмөттүк комиссия түзгөн. Маданият министри Султан Раев башында турган мына ошол комисия бул мааракеге бир айдан бери даярдыктарды көрүүдө. Кечээ 22-ноябрда мааракеге карата кыргыз улуттук драма театрында Майрамкан Абылкасымованын пьесасынын негизинде коюлган “Атаке баатыр” спектакли көрсөтүлдү. Бул чыгармасы үчүн Майрамкан Абылкасымова "Манас" орденине татыктуу болгон.

Бүгүн саат төрттө кыргыз улуттук драма театрында салтанаттуу жыйын өтөт. Жазуучулар союзунун катчысы Маркабай Ааматовдун айтымында бул кечеде акынга карата Кыргыз Республикасынын президентинин, өкмөттүн атынан, чет мамлекеттерден куттуктоолор айтылып, келген көрүүчүлөргө анын ырлары ыр саптары тартууланат.

Салтанаттуу жыйында ошондой эле айрым коомдук мекеме уюмдардын атынан эл акынына урмат-сый көрсөтүү жөрөлгөсү күтүлүүдө. Бул салтанат менен катар улуттук китепканада акындын чыгармаларынан турган көргөзмө ачылат. М. Абылкасымованын ырлары 1952-жылдан тартып жарыялана баштаган жана дайыма окурмандардын зор кызыгуусун пайда кылган.

-Майрамкан Абылкасымова тарыхка, элдин турмушуна, элдин руханий дүйнөсүнө байланыштуу нерселердин баардыгын чоң деңгээлде жазып жүргөн акын,- деп баасын берди Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбеков.

-70 жылдык мааракемди куру кол менен эмес, чыгармаларым менен тостум. Мен дайым тынчтык күндү, биримдикти, эл-жеримди, экологияны, тоолорду, сууларды жазган акынмын, -дейт эл акыны Майрамкан Абылкасымова.

Майрамкан Абылкасымова учурда дагы бир ыр жыйнагынын үстүндө иштөөдө. Акындын айтымында кыргыз элин ынтымакка,биримдикке үндөп, дүйнөдө тынчтык болушун тилеген ыр саптарынан турган бул ыр жыйнак жакынкы күндөрдө окурмандардын колуна тиймекчи.

-Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG