Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:10

ЖИН-ШАЙТАНДЫ УРЧУ ТАШ АКҮЙДӨБҮ?


Меккеге зыярат кылганы барган мусулмандар ал жактан кайтаар алдында көздөрүнө көрүнбөгөн жин-шайтандарды ташбараңга алышат эмеспи. Ушу тапта Кыргызстандын молдолору ошол таш менен бирин-бири ура башташканын, алардын чыры илгери пайгамбарды ак жолдон адаштырган акчадан чыкканын жазып кирди кыргыз гезиттери. Ошентип, «Айкын» гезити кайрылган бул темага «Алас» гезити да сереп салып, президент К. Бакиевге, премьер-министр Ф. Куловго, мамкатчы А. Мадумаровго Ош, Жалал-Абад, Баткен аймагындагы мусулмандардын кайрылуу катын жарыялаган. Анда 4500 ажынын ар биринен 1500дөн доллар, ага кошумча 1500дөн сом чогултулганын, эми мына ушул чогулган 675 000 доллардын кайда, кантип жумшалганынын изи табылбай жатканын, баарынан кыйыны, Оштогу мусулмандарды ажыга жөнөтүү штабына мамлекеттик катчы Адахан Мадумаровдун атасы Кимсанбай аксакал мүчөлүк кылып, Жуманов менен Жоробековго жел тийгизбей калкалап турганын, акыйкатка жеталбай айлалары кеткенде Акүйгө кат жолдоп жатышканын арыз-муңга салышкан кат ээлери.

Ушул эле гезит КР Башпрокурору К.Коңгантиевге ЖК депутаты Д.Садырбаевдин өкмөт башчысы Ф.Куловго кылмыш ишин козгоо тууралуу доо арызын басты. Мындан тышкары Бакиевдин бийлигин колдоо максатында Акүй тарабынан уюштурулган антимитингке барбагандарга куугунтук башталганын иликтеген гезит буга карата бир катар жарандардын пикирин сураганда, коомдук жана мамлекеттик ишмер Ишенбай Абдуразаков, адамдарды коркутуп-үркүтүп, зордоп, митингке же антимитингке алып чыгуу демократиялык өлкөдө жасалчу жорук эмес экенин айтса, экс-депутат Орозбек Дүйшеев, аны элдин тынчтыгын ойлобогон, элбузар чиновниктер бийликке жагынуу үчүн жасап жатышканын айтат.

Ал эми «Курманжан датка» фонд төрайымы Жылдыз Жолдошева, балким жетекчи, ал орунга башка бир кишини койгусу келип, ошол митингди шылтоо кылып аткандыр, анан баарын эле Бакиев менен Куловдон көрө берген болбойт да десе, опера жана балет театрынын экс-деректири Тимур Саламатов, ушу күндө КТР журналисттери менен филармониянын артисттерин жазалоо башталганын, өзүнө болсо үч күн мурда премьер-министр Ф.Куловдун колу коюлган токтомду карматышканын, окуса «башка ишке өткөнүнө байланыштуу иштен бошотулсун» деп жазылып турганын айтат. Бул маселеге андан ары үңүлгөн гезит, өткөндө Текебаев жетекчилик кылган «Ата Мекен» партиясынын курултайына театр залын бир күнгө ижарага берип, өзү антимитингке чыкпай койгондугу үчүн Тимур Саламатов деректирликтен айдалганын, анын ордуна барып «конгону» жаткан филармония деректири Керим Турапов, башымды кессеңер да операга деректир болуп барбайм деп баш тартканын, Турапов олтурган филармониянын тууруна учуп барганы канатын күүлөп калган Кырдрам деректири Кыргызбай Осмонов осол болуп, андан да «ойлонбой жазган токтомго» ойлонбой туруп кол койгон Ф.Куловдун сийдиги булут айланып, «баары сүйлөшүлгөн дебедиңер беле, бу жолу да мени салып бердиңер!» деп сүйлөнүп, ойлогону ойрон болгон КР маданият министри Султан Раев азыр кычыраган кар үстүндө жыңайлак баскандай абалда турганын жазат «Алас» гезити.

«Лица» гезитине ЖК депутаты К.Байболов маек куруп, жаңы Башмыйзамды кабыл алуу менен алга бир кадам жылыш жасалганын, эми чыр-чатак мындан да күчөйт деп олуялык кылып жүрүшкөн Князев менен Омаров мырзалардын айткан-дегендери суу кечпеген сөз экенин, өлкөдөгү абалды жасалма жолдор менен курчутууга президенттин жаңы Башмыйзам боюнча кудурети жетпей калганын, бийликти элди Түндүк-Түштүккө бөлүү жолу менен да,бандиттердин
«кызматын» көрүү жолу менен да сактап калууга болбой турганын, бийлик азыр деградацияга учураганын, бирок акыл-эстүү саясат жүргүзүүгө азыр да кеч эместигин аңгемелейт. Гезит президент Бакиевдин алгачкы мугалимдеринин бири Токтосун Жайболотовду сөзгө тарткан, а киши, окуучусу айылдан чыккан алгачкы боксер болгонун, сабактарын мыкты окуганын, кыздардын баары аны тымызын жакшы көрүшкөнүн, алтургай айылдык бир кыз менен анын ортосунда чоң сүйүү тутанып, кийин Курманбек Орусияга окуу издеп кетип… ортодогу махабат оту андан ары күйө албай… ошол балалык сүйүүнү сактап жүргөн аял кийин каза болуп калганын… ошол окуучусу бүгүн бакыйган президент экенин… бирок өзү окуган мектепке азырынча жардамы тие электигин баяндап берген.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG