Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:09

САЙДИЛЛА НЫШАНОВ: АШЫКЧА ЧИНОВНИКТЕР АЗАЙСЫН


Жогорку Кеңеш азыркы учурда келерки жылдын бюджетин талкуулап жаткан учуру. Бул теманын айланасында «Азаттык» менен парламент депутаты Сайдилла Нышанов ой бөлүшөт.

- Эки баскычтуу бюджет тууралуу сөз жүрүп атпайбы. Бул иш жүзүндө облyc, райондор жоюлат. Ошондуктан эки баскычтуу жергиликтүү жана борбордук гана бюджет болот деген маселе туруп атпайбы. Башкача айтканда бул облyс, райондордун жоюлушуна алып келет дегенди түшүндүрөбү?

- Ооба. Биз бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештеги көп депутаттар, ашыкча элдин эсебинен жашаган чиновниктер азайсын, элдин турмушун оңойлу деген гана багыт.

- Район, облустардын жоюлушу менен жергиликтүү бийликтер күч алат. Ортодогу сиз айткандай бюрократияга кеткен, азыр айтылып атат, миллиард сом сарамжалданып калат деп. Андан башка кандай артыкчылыктар бар?

- Кыргызстанда азыр парламентте кээ бир менин коллегаларым айыл өкмөттөрдүн деңгээли бүгүнкү күндө мамлекеттен бөлүнүп келген акчаларды туура эмес колдонуп коюшу мүмкүн деген сөздөрдү айтышты. Мен буга өтө каршылыгымды билдирет элем. Себеби акчаны айыл өкмөттүн өзүнө түшүрмөйүнчө биз контроль кыла албайбыз. Айыл өкмөттүн өзүнүн депутаттары, айыл өкмөттүн башчылары элдин көйгөйүн жакшы билет дагы туура пайдаланат. Ал эми облус район ортодо алып калып, жеп, жергиликтүү бийликтерди өзүнө чакырып алып эле, конок келатат деп күндү кыйынчылыкта эле өткөрүп жатабыз. Анын бүгүнкү күндө зыяндан башка пайдасы жок.

- Бул коррупция маселеси да. Ал коррупция маселеси жогорку бийликте да, төмөнкү баскычта да болушу мүмкүн. Ошон үчүн райондук, облустук структураларды жоюш керекпи?

- Сөзсүз түрдө жоюш керек. Жантөрө Жолдошевич Сатыбалдиев азыркы күндө Ош облусунун губернатору былтыр депутат болуп турганда Американын Урбан институту түзгөн аймак деген жерди аймак боюнча проектини көрдүк эле. Ошол киши ошол жерде проектини өтө колдогон, биз эки тепкичтүү, эки баскычтуу бийликке өтмөйүнчө турмуш алдыга жылбайт деп. Эми бул киши бийликке кеткенден кийин башкача комуз чертип жүрөт. Кечээ күнкү Жогорку Кеңештеги талкууда дагы кээ бир мурунку бийликте жүргөн депутаттар азыр да бийликке баргысы келип төрт тепкичтүү каржылоону калтырабыз деп атат. Бул туура эмес.

- Бул тууралуу мыйзам парламентте кабыл алынган. Эмне үчүн маселе азыр козголуп атат. Ушул жерде парламент менен өкмөт ортосунда карама-каршылык бар деп айтсак туурабы, же бул техникалык маселеби?

- Бул техникалык маселе болушу мүмкүн. Менин жекече оюмда муну көпчүлүк депутаттар колдойт. Себеби кошуна өлкөбүз Казакстандын президенти Назарбаев айтып атат, мен жакынкы он жылда Казакстанды дүйнөнүн 50 өнүккөн өлкөсүнүн катарына киргизем деп. Ал эми биз болсо кошуна болуп туруп итке минген кедей болуп калышыбыз керекпи. Бул дагы туура эмес сөздөр менин оюмча.

- Итке минген кедей демекчи, экономикага байланыштуу азыр Кыргызстандын алдында мындан да орчундуу суроо турат. Ал Валюта кору менен Дүйнөлүк банк сунуш эткен ХИПК программасына кирүү, же кирбөө маселеси. Көз карандысыз экономист Айылчы Сарыбаев кече бизге мындай деп билдирди: ХИПКке кирүү программасы мурда эле кирилген экен. Алар арыз жазып берип, Кыргызстан эмес, эл аралык финансы уюмдары азыр муну иликтеп атыптыр. Биз жөн эле элди алдап жатыптырбыз, биз ХИПКке киребиз, кирбейбиз, шартын талкуулап атабыз деп.

- Сайдилла мырза, Кыргызстандын ушул талаштуу ХИПК программасына кириши жең астынан чечилип калганы чынбы?

- Бүгүнкү күндө бул чечиле элек. Бирок биздин чиновниктердин көпчүлүгү оюн ушул жака буруп жатат. Мен бул боюнча Австрия мамлекетинин Вена шаарында болгон угууга катышып келген. Мен ошондо суроо бергем, силер айтсаңар дүйнөдө, Африкада, кем багал мамлекеттеринин бирөөсү карызынан кутулганбы деп. Андай мамлекет жок экен. Бул жөн эле көз боемочулук. Орто Азиядагы зона влияниеси деп коет, ошону арттырыш үчүн эле болуп аткан нерсе деп биз кабыл алсак болот. Ал эми бизде 2 миллиард доллардан ашкан карызыбыз бар. Улуу Орус державасынын эсептөө палатасынын төрагасы Степашин да айтты, бул 2 млрд. доллар көп деле сумма эмес, мындан өзүңөр кутулуп кетсеңер болот деп. Бизде мүмкүнчүлүк бар.

- Сиздин сөзүңүздү колдогон “Азаттыкка” электрондук кат келип түштү. Ошондон кыскача окуп берейин: “Менин оюмча ХИПК программасына кирүү туура болбойт. Программанын атынан белгилүү болгондой Кыргызстан абдан карызга баткан өлкө. Бул программага кирген соң Валюта кору менен Дүйнөлүк банк Кыргызстанды жөн коебу. Мен сенин карызыңды кечирдим, эми сен кызмат кыл дейт. Валюта кору менен Дүйнөлүк банктын аркасанды Америка бар. Ал өзүнүн оюндагысын жүргүзө баштайт. Кыргызстан өзүнүн байлыктарын туура пайдаланса 1-2 жылда эле бул карыздан кутулса болот”, деп жазды бизге Алмазбек Асанбаев.

XS
SM
MD
LG