Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:47

ЭРКИН СЫНАЛГЫЛАРДЫН КӨЙГӨЙҮ ТООДОЙ


Жалалабатта көз каранды эмес маалымат каражаттары саналуу. Эркин деп саналган сыналгылар калкты саясий окуялар жана оперативдүү маалыматтар менен убагында камсыздай албайт. Алардын чукактыгынан жергиликтүү калк мамлекеттик сыналгылардын бир тараптуу көрсөтүлөөрүн көрүүгө аргасыз.

Облуста өкмөттүк бир сыналгы, жумалык эки гезит жана коммерциялык үч телеканал бар. Жалалабат телерадиокампаниясы бийликтин саясатын жүргүзсө, коммерциялык «Бактынур», “Сентябрь” сыналгылары эфир мөөнөтүн жарыялар менен келишимдик көрсөтүүлөргө жумшайт. Алар менен мамлекеттик телеканал облустагы маанилүү окуяларды өз убагында чагылдырбагандыктан коомчулук жаңылыктарды чет элдик сыналгылардан издешет.

“Бактынур” телесинин токтогонуна бир айдан ашты. Белгисиз адамдар 17-октябрда түнкүсүн анын компьютери менен видеокамерасын уурдап кеткен. Оператор Сүймөнкул Аттокуровдун айтымында телеканал техникалык каражаттарга муктаж.

«Ата мекен» партиясынын «Сентябрь» телеканалы ишин 2-ноябрда токтоткон. Бейтааныш кишилер күзөтчүлөргө белгисиз зат чачып, жабдууларын талкалаган. Сыналгы деректири Асылбек Текебаев инцидентти бийликти жактаган адамдардан көрүүдө:

"Телеканал аркылуу көрсөтпөө максатында бул талкалоону уюштурду деп эсептейм. Албетте муну элге так маалымат жетпесин деген адамдар уюштурду."

Губернатордун орунбасары Камила Талиева Текебаевдин ою менен макул эмес:"Телевидение ачат элем, ачууга облустук бийлик тарабынан кысымдар көрсөтүлүп жатат деген бизде фактылар жок".

Уланбек аттуу көрүүчүнүн пикиринде менчик телеканалдар каржылаган адамдар менен уюмдардын саясатына көз каранды:"Ошол тараптын көз карашын чагылдыруудан баш тартпайт алар. Алар дайыма оппозициялык багытта болобу, демек анын ээси ким, ошого жараша маалыматтарды көрсөтөт."

Көз каранды эмес сыналгылар акча табуунун айынан элди зарыл маалыматтар менен камсыздай албайт. Алар такшалган адистер менен мыкты жабдууларга, ыңгайлуу эфир убакыттарына муктаж.

"Андан башка толтура окуялар болот, ошону оперативдүү түрдө эл күткөн убакта бере албайт. Экинчиден булардын эфирге чыгуу убактылары дагы көрүүчүлөрдү канаттандырбайт. Себеби алар түнкү саат он экиден кийин эфирге чыгат. Бул убакта көрүүчүлөрдүн 60 пайызын жоготот. Үчүнчүдөн алардын материалдык-техникалык базасы талапка жооп бербейт. Эки канал тең акыркы үлгүдөгү видео аппаратуралар менен жабдылган эмес", - деди калемгер Бактыкан Ажымаматова.

Ырысбай Абдыраимов, Жалалабат
XS
SM
MD
LG