Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 01:18

15:00 “Атамекен” партиясынын мүчөсү Бакыт Калпетовди УКК камап койду


“Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Бакыт Калпетов кечээ түштө Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалып кеткен. Анын саясий ачкачылык жарыялаганы маалым болду. УКК Калпетовду эмне себептен алып кеткенин, каякка алып барып камаганын айтпай атышат. Ал түгүл адвокат киргизүүгө макулдугун бербей жатышат. Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынын Бишкектеги уюмунун башчысы Райкан Төлөгөнов “Азаттыкка” билдирди. Ленин райондук ички иштер бөлүмү Бакыт Калпетовдун үстүнөн кылмыш иш козгоп, тергөө жүргүзүп жаткан.

XS
SM
MD
LG