Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 10:36

ООГАН ПАМИРИНДЕ ЖАШАГАН КЫРГЫЗДАРДЫН АБАЛЫ ООР


Жакында америкалык окумуштуу Бостон университетинин илимий кызматкери Тэд Каллахан Ооган Памириндеги кыргыздарга барып, алардын жашоо турмушу менен жакындан таанышып кайткан. Ооган кыргыздарынын абалы тууралуу ал 22-ноябрда Борбор Азиядагы Америка Унивеситетинде окуган лекциясында чагылдырды.




АКШдагы Бостон университетинин илимий кызматкери, антрополог Тэд Каллахан дарсынын башталышында алды менен кандайча кыргыздардын тарыхына кызыга баштагандыгына токтолду:

"Мен 2000-жылы антропология илимдеринин доктору, кесиптешим менен Түркияда жашаган кыргыздарга барып, алар менен кездешүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонмун. Биз менен кездешкен кыргыздар өз учурунда Ооган Памиринен бул жакка жер которуп келгендиги тууралуу айтып беришти. Ошондо мен алгач ирет кыргыздар жана Кыргызстан тууралуу, Борбор Азия аймагында кыргыз мамлекети бар экендиги жөнүндө билгенмин. Чынында айтсам, ага чейин мен Кыргызстан жөнүндө уккан эмес экенмин. Ошондон тарта мен ушундай улуу кыргыз эли бар экенин билип, анын тарыхына, маданиятына кызыга баштадым да, өз алдыма Памир тоолорунда жашаган кыргыздардын турмушун өз көзүм менен көрүп келүү максатын койдум".

Иликтөөчү белгилегендей, учурда Ооган Памиринде 1,5 миңден ашуун кыргыз жашайт. Бирок, алардын так санын айтуу кыйын. Анткени, алар жыл бою мезгил-мезгили менен көчмөн турмушун башынан өткөрүп келишет. Алар негизинен мал чарбачылык менен жан багышат.

Иликтөөчүнүн баамында, Ооганстандагы кыргыздар жайгашкан жерлердеги жолдорду оңдоого ооган өкмөтү тарабынан дагы деле жакшы көңүл бурулбай келет. Бирок, иликтөөчүнүн пикиринде, мындай жагдай бир четинен Ооганстандагы жалпы саясий абалга да байланыштуу болууда.

Тэд Каллахамдын айтымында, Ооган кыргыздарынын жашоо шарттары бүгүнкү күндө да өтө оор:

"Ооган кыргыздары чындыгында эле өто оор шарттарда жашашат. Бийик тоолуу аймакта жашоонун өзү эле канчалык азаптуу. Ал эми алар жашаган жерлердеги шарттар өзгөчө оор болуп эсепетелет. Климат шарттары да ото катаал. Айрым учурларда күндүн сууктугу -50 градуска чеийн жетет. Бороон-чапкында мал багуу да оор түйшүккө айланат. Өзгөчө ал жерде жашаган аялдар менен балдардын абалы өтө кейиштүү".

Иликтөөчү ооган кыргыздары жалпысынан билимсиз экендиги жана балдар мектепте окуу мүмкүнчүлүгүнөн толугу менен ажыратылгандыгы тууралуу да айтып өттү:"Мектептер ал жерде болгон эмес, бүгүн да жок. Балдарды бир гана молдорлор гана сабатка окутушу мүмкүн. Молдолор аларды негизинен куранды окууга үйрөтөт. Ооган кыргыздарынын арасында бир гана Турдийо Ажы деген адам Ооган парламентинин Сенатына кыргыздардын өкүлү катары шайланган".

Америкалык иликтөөчү белгилегендей, Ооганстандагы кыргыздар бүгүнкү күндө медициналык жардамга да өтө муктаж. Медициналык тейлөөнүн жоктугунан, алардын арасындагы, өзгөчө аялдар менен балдардын ичинде өлүм көрсөткүчү өтө жогору. Ооганстан деги эле дүйнөдө аялдардын өлүмү боюнча экинчи орунда турат. Каллахан Памирдеги кыргыз аялдарына байланыштуу бир мисал келтире кетти. "Эгерде кыргыз аялдарынын кимдир бирине төрөт мезгилинде операциялык кийлигишүү зарыл болуп калса, ал Тажикстандын чекарасынан өтүп, ооруканага кайрылышы керек. Бирок, ал үчүн бир нече күндүк жол жүрүү талап кылынат", -дейт Т. Каллахан.

Ооган кыргыздарына мезгил-мезгили менен Дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан жардамдар көрсөтүлүп турат. Андан ар бир үй-бүлөгө 1,5 кап ун, кум-шекер берилет. Айрым учурларда дары-дармек да берилип турат. Бирок, эл аралык уюм тарабынан айрым оору-сыркоолорго каршы эмдөө үчүн дары-дармектер жеткирилип берилген учурда да, ооган кыргыздарында ийненин жоктугуна байланыштуу алар эмделбей кала берген учурлар да кездешет.

Америкалык иликтөөчү Тэд Каллахандын көз карашында, ооган Памириндеги кыргыздар үчүн бүгүнкү күндө алар менен чектеш болгон Тажикстандын аймагына көчүү же болбосо, Кыргызстанга - тарыхый мекенине кайтып келүү мүмкүнчүлүгү бар. Бирок, бул маселеге алар ар кандай көз карашта. Айрымдары көчүүгө даяр экендигин билдиришсе, дагы бир бөлүгү Памир тоолорун тарыхый мекени катары эсептеп, ошол жерде жашоону туура көрүшөт.

Азиза Турдуева, Бишкек

XS
SM
MD
LG