Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:28

ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ: БАРДЫК ЖАГЫНАН КУУГУНТУК БОЛУП ЖАТАТ


Жаңы Конституцияда партиялык тизме менен шайлоо жөнүндө мыйзамдык норма каралган. Ушундан улам саясий партиялардын активдүүлүгү күчөй баштагансыды. Дал ушул тапта “Ата мекен” партиясы өзүнө бийлик тараптан кысым күчөгөнүн айтууда. Бул жөнүндө партиянын төрагасы, депутат Өмүрбек Текебаев “Азаттык” менен болгон маегинде да баса белгилеп айтып кетти.

- Силердин партиянын бир мүчөсү Бакыт Калпетов ушул аптанын башында камакка алынып, кайра бошотулбадыбы. Ага мамлекеттик телерадио башчысынын орунбасары Бейшенбек Бекешовду сабаган деген айып тагылып жатыптыр. Силер бул кине негизсиз деп айттыңар. Бекешов сабалганда Бакыт Калпетов кайда эле?

- Бекешов сабалган эмес. Ал жерде кокустук болушу мүмкүн. Ал эми Бакыт Бекешовду сабап көзүнүн алдын көгөрттү деген туура эмес. Аны баарыбыз көргөнбүз, ошол жерде тургандар жакшы билишет. Сегизинен тогузуна караган түнү антимитинг уюштуруучулар Бакыт Калпетовду пистолет менен аткылап, анын колундагы “Ата мекен” партиясынын туусун түндө тартып алып, мазактап пистолет менен бутунун алдындагы жерди, айланасын аткылап, коркутушкан болчу.

Милиция кызматкерлерине арыз бергенине карабастан, аларга чара көрүлбөй, курал менен коркутуп ойногон адамдарды камабастан, хулиганчылык деген статья менен шектелип жаткан Калпетовду кечээ коопсуздук кызматынын жертөлөсүнө алып барып кармап, бул ишти эң чоң террористтин иши сыяктуу коопсуздук кызматы мен тергейм деп алып кетиптир. Бул биздин мыйзамга да туура келбейт. Мунун өзү шектелип жаткан кокустук. Хулиганчылык болдубу, болбодубу муну да далилдеш керек. Далилденген күнү дагы бул иш коопсуздук кызматы карай турган иш эмес. Мунун өзү “Ата мекен” партиясынын мүчөлөрүн ургандарга, коркуткандарга, анын мүлктөрүн талкалагандарга чара көрүлбөй, тескерисинче “Ата мекен” партиясынын мүчөлөрүнүн үстүнөн ушундай кылмыш иши козголуп жатат. Муну саясий оппоненттерди куугунтуктоо деп эсептейм. Башка митингге катышкан депутаттардын туугандарын да куугунтуктап, жумуштан бошотуу жөнүндө буйрук берилип, бошотууга шылтоолорду издеп жаткандыгы жөнүндө айрым депутаттар айтып жатат. Бул бийликтин терең ою жок экендигин, бүгүнкү күн менен жашагандыгын, коркутуу жолу менен адамдардын оозун басып, оюн жоготконго болот деп жаңылгандыгын билдирет.

- “Асаба” партиясынын теңтөрайымы Роза Отунбаева биздин радиого силердин партияга кирген “Реформа үчүн” кыймылынын айрым саясий партиялардан мүчөлөрү суракка алынып жатат деп айтты. Дагы кимдер сурак берип жатат жана кайсы маселе боюнча?

- Мен так билбейм. Мен Бакыт жөнүндө гана так билем. Ал эми мамлекеттик төңкөрүш деп иш козголуп, ага менин кабинетиме кирип чыккан депутаттар жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн бардыгы суралып жатат. Балким алардын арасында “Ата мекен” партиясынын да мүчөлөрү болушу мүмкүн.

- Жалалабат, Ош тарапта да силердин партияга кысым көрсөтүлүп жаткандыгы кабарланды эле. Ал тарапта абал кандай?

- Абал азыр тынч эле. Бирок жергиликтүү партиянын офистерине кысым көрcөтүлүп, конференция өткөрүүгө имараттарды бербей атышат. Мына Бишкекте опера жана балет театрында партиянын съезди өттү, аны бербөөгө бийлик органдары катуу аракет жасады. Алардын тыюу салганына карабастан театрдын директору биз менен келишим түздү. Ошол келишимдин негизинде биз съезд өткөрдүк. Кечээ ал театрдын директору белгисиз себептер менен жумуштан бошотулду. Мунун өзү куугунтуктоо бардык жерде жүрүп жаткандыгын билдирет.

- Силер “Азаттыктан” чыгып болгонун болгондой өзүңөрдүн пикириңерди айтып атасыздар, ал эми Улуттук маалымат каражаттарынан чыктыңарбы?

- Тилекке каршы, мамлекеттик маалымат каражаты Акаевдин заманынан дагы бир жактуу болуп, каралоо жагына өттү. Эгер байкасаңыз, улуттук телерадио компанияда тигил, же бул депутатты, саясатчыны атып өлтүрүш керек, аны жоготуш керек, көзүн тазалаш керек деген чакырыктар үстөкө-босток берилип жатат. Мунун өзү телерадио компания бийликтин куралы болуп калгандыгынын далили болот. Бул жерден айтып кетишим керек, “Ата мекен” партиясына жан тарткан Жалалабаттагы
“Сентябрь” телерадио компаниясынын буюмдарын дагы белгисиз бирөөлөр чабуул жасап, талкалап кетишкен. Мына ушундай эле чабуул жасоолор “Пирамида”, “НТСтин” объектилеринде болду. Бул мыйзам ченемдүү болуп, көрүнүп калып атат.

XS
SM
MD
LG