Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:40

ЛУКАШЕНКО ОРУСИЯНЫН КЫСЫМЫНА КАРШЫ КИЕВ МЕНЕН БИРИГЕ АЛАБЫ?


Беларустун президенти Александр Лукашенко энергия өндүрүүдө отун болор газды коюуда көргөзүлүп аткан орусиялык кысымчылыкка каршы биргелешкен саясий аракетке өтүү сунушу менен Украинага кайрылды. Украиналык журналисттер алдында чыгып сүйлөп, Лукашенко андай аракетти жасоо үчүн эки өлкөнүн колунда алиге дейре «көзүр карталары» бар экендигин белгиледи. Орусия газдын баасын кымбаттатса анда, мисалы, Беларус ал отундар өтчү жери жана Орусия пайдаланып аткан аскерий объектер жайгашкан жерлери үчүн ижара акыны көбөйтүүгө даяр деген.

Шериктештикке кирген өлкөлөр ичинен Орусия менен Беларус алакасы жеринен жакшы. Бирок, орусиялык көгүлтүр оттон улам андай алаканын ирий башташы айкын болууда. Белорусиялык жетекчи Украинага кайрылуу жасап Кремлдин кол толгоосуна биргелешип каршылык көргөзүү сунушун киргизген. Жагдай андай болуп өзгөргөндө ал чөйрөдө экономикалык да саясий да маанай башкача болорун белорус лидери эскерткен:

«Беларус менен Украина тил табышты дегиче бул аймактагы (мамлекеттердин – ММ) өз ара бири бирине ыкташы такыр башкача болуп өзгөрөт», - деген Лукашкенко.

Орусиядан буга дейре Беларус алып жагып аткан көгүлтүр отун баасынын ар бир миң кубометри 47 доллардан бааланат. 2007-жылдын башынан тартып «Газпром» Минскиден ар бир миң кубометри үчүн 200 доллардан акы сураганы атат дешет. Ошол маселе чечилер алдында Александр Лукашенко күтүүсүздөн Виктор Ющенкого кол сунган. Жемиштүү жыйынтык болорун да айткан. Мисалга өз өлкөсүн алып: «жылына Беларус жолдору менен жүз миллион тонна жүк ары - бери тартылып өтөт. Ошолордун ар тоннасына эле 10 доллардан салык салганда миллиард доллардык киреше табабыз», - деп каңкуулаган.

Орусиялык саясий анализчи Алексей Мухиндин баамында бул жерде беларустук жетекчинин Кремлге кыр көргөзүсү бар: «Бул кайсы бир деңгээлде Орусияны анын тил алчаак кылыш үчүн жасап аткан саясий машыгусу».

Кошумчалай кетчү кеп – 24-ноябрда «Белтрансгаз» менен Газпром компаниялары бир нече жылдан бери соодалашып, көгүлтүр отундун баасын быча алышпай келе жаткан сүйлөшүсүн уланткан. Ага бул жолу эки өлкө өкүмөт башчылары: Михаил Фрадков менен Сергей Сидорский катышканы айтылуда.

«Известия» басылмасы жазганга караганда Лукашенко кийин: «КМШ таркап кетишине Минск таптакыр каршы. Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн бекем ымалада болушу үчүн Путиндин «жүйөлүү сөзү керек», - деп да айткан.

Муса Мураталиев, Маскөө калаасы

XS
SM
MD
LG