Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:56

КЫРГЫЗСТАНДА АЯЛДАРДЫН АБАЛЫ АЛЫМСЫНДЫРБАЙТ


Кыргызстанда аялдарга карата зордук-зомбулуккка каршы 16 кундүк иш-чаралар башталды. 25-ноябрдан 10-декабрга созулган бул жараян Кыргызстанда алтынчы жолу белгиленүүдө. 1961-жылы 25-ноябрында Доминика жумуриятында Мирабал деген аттуу үч эже-сиңдинин өлтүрүлгөндон кийин БУУ бул кундү аялдарга карата зомбулукту жою күнү деп жарыялаган.

Жакында эле эл аралык Хъюман Райтс Уотч укук коргоо уюму Кыргызстанда аялдар жаатында биринчи отчетун жарыялады. Анда, укук коргоочулар өлкөдөгү аялдарга карата зордук –зомбулук көбөйүшүнө тынчсыздануусун билдирген.

- Аялдарга карата зомбулук – адам укуктарындагы эң олутту мыйзам бузуулардын бири. Соңку мезгилде үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук жана ала качуу корүнүшу Кыргызстанда көбойүүдө,-дейт Хъюман Райтс Уотч укук коргоо уюумунун Борбор Азия боюнча адиси Акейша Шилдс.

Укук коргоочуларды өзгөчө түйшөлткөн нерсе - биздеги кадимки көрүнүш – ала качуу болууда.

- Мындан жарым жыл мурун мени алып качып кетишкен. Апалар келип отуруп алып же нанды коюп алып: “аттап кет” деп атышты. Эми каргышы болот экен деп, кетип калсам бактылуу болбой каламбы деп да коркуп, калып калдым... .

Бул ала качуунун курмандыгы болгон Аселдин айткандары. Ал ала качаарга дейре болочок күйөөсүн көрбөгөн. Кийин оту куйушпөгөндөн ала качып алган жолдошу менен ажырашып тынган.

Кыргыздар үчүн салт катары кабылданып калган ала качуу көрүнүшү Батыш үчүн адам укугунун одоно бузган - жапайычылык катары бааланат.
«Сезим» кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова ала качуу кылмышпы же салтпы суроосуна кайрылганда ала качуунун түрлөрүн айырмалай билиш керек дейт.

- Мына, биринчиси – ата-энеси макул болбой коет да. Эки жаш өздөрү сүйлөшүп алып, туруп, анан ала качып кетет . Же болбосо, каржысы жетпей калат да. Чоң той бергенге, алдына тушкөнгө. Муну деле ала качуу деп коет. Бирок, ала качууну кайсы убакта кылмыш деп айтып атабыз? Жанагы, тааныбаган, бир көргөн кыздарды деле кээ бирде ала качып кетип атышпайбы.

Кыргыз жаштарынын өзүлөрүнун ала качуу тууралу ой-пикирлери кандай?

Гулзат, 22 жашта, турмушка чыга элек:

- Ала качууну мен жула качуу деп эле түшүнөм да. Азыркы балдар аял алыш убактысы келип калып эле, шашылыш түрдө тааныбаган бирөөнүн кызын жула качып кетишет. Менин оюмча, туура эмес. Жакшы жактары деле жок болсо керек.

Азамат, 23 жашта, бойдок:

-Кыз менен бала жакшы болуп кетишсе, кыз мен үйгө кантип айтам, ата-энемен уялам “жөн эле ала качып кет” дегендери болот да, туурабы? Оң жактары көп ко дейм.

Фархад, 19 жашта, студент:

- Ала качуу көрүнүшү көбүн эсе айылдыктарга мүнөздүү. Бул салт алардын канына сиңип калган болуш керек. Алар ала кача берет болуш керек. Тааныбай туруп, ала качып кетип атпайбы, кыз аны сүйөбү-сүйбөйбү, кийин алардын жашоосу кандай болот, аны экөөнүн бактысы билет. Бирок, мен ала качуусуна каршымын.

Айнура, 18 жашта, турмушка чыга элек:

-Кээ бирлер үчүн жакшы эле болушу керек. Сүйлөшүп ала качкандар бар. Бактылуу деле жашап кеткендер бар. Калыңга да акча төлөбөйт.

Мирбек,20 жашта, студент:

-Менин оюмча, ала качуу бүгүнкү күнгө тура эмес келет.Анткени биздин убакта ар ким өзү каалагандай жашоого укуктуу. Кыз макул болобу, болбойбу, бул – баары бир кылмышка жатып калат.


Жакында эле эл аралык Хъюман Райтс Уотч укук коргоо уюмунун Кыргызстандагы аялдар тууралуу жарык көргөн биринчи отчетунда өлкөдө ала качуудан башка, аялзатына кол көтөрүү, эки-үч аял алуу менен аялзатын басмырлоо күчөгөнү маалымдалат. Ошол эле убакта Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө жогоруда аталган укук бузуулар менен ырасмий катталгандар манжалап саналат.

Ушундан уламбы аялдардын укугун коргоо жаатында иш алып барышкан он жети бейөкмөт уюмдары 27 сентябрьда Президент Курманбек Бакиевге Кайрылуу жолдошкон.

- Биз – КРнын укук коргоо коомчулугу, Президент Курманбек Бакиевдин администрациясына республикадагы аялдарга карата зордук-зомбулукту токтотууну учурда Өкмөт жүргүзуп жаткан саясаттын артыкчылык берген тармагы кылууга чакырабыз. Ошондой эле, биз Президентке мамлекеттик бийликтин органдарына үй-бүлөөдөгү зордук-зомбулук күнөөкөрлөрүнө жана ал качууга катышы бар адамдарга мыйзам чегинде жоопко тартууга милдеттенме беруугө үндөйбүз,- деп айтылат кайрылууда.


Элен Куленбекова, Бишкек

XS
SM
MD
LG