Америкалык командачылыктын маалыматына караганда бүгүн Багадддан алыс эмес жерде Америкалык аскерлер менен куралдуу согушкерлердин кагылышуулары болду. Анда 22 көтөрүлүшчүл согушкер курман болду. Ошону менен бирге эле америкалык аскерлер согуштук каруу- жарактар чыгарылып жаткан эки обьектке абадан сокку урушту. Багдаддын өзүндө болсо шиилер менен суннилердин кагылышуулары болду. Багдаддын эл аралык аэропорту жабылып калды.