25-ноябрга караган түнү аталган конушка жакын айланма жолдун боюндагы чарбалык курулушту жана бир павильонду өрт чалган. Өрт өчүргүчтөр окуя болгон жерден беш адамдын жасатын табышканын, алар баары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү экенин Чукул кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Кырсыктын себептери иликтенүүдө.