Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

9:00 «Ата Мекен» партиясынын камактагы мүчөсү Бакыт Калпетов ачкачылык акциясын токтотту


23-ноябрда УКК абагына алынган Бакыт Калпетов алгачкы күндөрү ачкачылык акциясын жарыялаганы айтылган эле. Бирок, ал ден соолугуна жана дарыгерлердин эскертүүсүнө байланыштуу ачкачылык акциясын токтотконун «Ата Мекен» партиясынан кабарлашты. Ага мамлекеттик телерадиокомпаниянын башчысынын орун басары Бейшенбек Бекешовго кол көтөргөн деген айып тагылууда. «Ата Мекен» партиясы мындай айыптоону негизсиз деп эсептеп, аны бийликтин кысымы катары баалоодо. Бакыт Калпетовдун адвокаты Жумабек Шакиров жана айрым укук коргоочулар ага каршы козголгон ишти мыйзам боюнча УКК эмес ички иштер кызматы гана тергөөгө тийиштигин айтышууда.

XS
SM
MD
LG