Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:13

АФИША : ЖУМАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Аптанын шейшемби күнү “Ак-Марал” бий ансамбли Бишкектин тургундарына концерт берет. Кечеде ансамблдин репертуарындагы кыргыз улуттук бийлери менен катар түрдүү улуттардын бийлери тартууланат.

27-ноябрдан тартып 29-ноябрга чейин улуттук опера жана балет театрында европалык музыканттар Дания Сегал менен Бернвард Лор барокко музыкасынын концертин тартуулашат. Кеченин программасында Иоган Бахтын, Георг Генделдин жана Антонио Вивальдын чыгармалары ойнолот.


30-ноябрда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисткасы Бермет Байкелова жеке концертин берет. Бермет айымдын айтымында бул кечени эл артистери жана эмгек сиңирген артистер коштойт.

1-декабрда Т.Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрында Төлөгөн Касымбековдун чыгармасынын негизинде коюлган “Курманжан датка” спектакли көрсөтүлөт. Бул спектаклде кыргыз улуттук драма театрынын артистеринин дээрлик баардыгы ойнойт. Алсак негизги ролдордо Мукамбет Токтобаев, Дүйшөн Байдөбөтов, Гүлайым Каниметова, Асанкул Осмонов жана Шайыр Касымалиевалар ойнойт.

Ишембиде Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде немец сүрөтчүсү Волстун жеке сүрөт көргөзмөсү ачылат. Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде маркум сүрөтчү Жакул Кожакметовдун 85 жылдыгына арналган көргөзмө жүрүп жатат. Анда графика жана живопись жанрындагы сүрөттөр коюлган. Мындан сырткары аталган музейде Сүрөтчүлөр биримдигинин Оштогу бөлүмүнүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган мааракелик көргөзмө өтүүдө.

Бул жумада бир катар жаш ырчылардын тушоо кесүү концерттери өтөт. Тактап айтканда 28-29-ноябрда спорт ордосунда Азис Жетигенов, 30-ноябрь 1-декабрь күндөрү Айя Садырова ал эми 2-3-декабрда жаш ырчы Азиза алгачкы жеке концертин өткөрөт.

-Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG