Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:51

ЖУМАБЕК ШАКИРОВ: КАЛПЕТОВГО КОЮЛГАН АЙЫПТООЛОР ДАЛИЛДҮҮ ЭМЕС


Венера Сагындык кызы, Прага ш. Бийликке оппозициядагы “Ата Мекен” партиясынын Улуттук коопсуздук кызматынын абагында отурган мүчөсү Бакыт Калпетовдун, ошондой эле былтыркы ыңкылаптан кийин Каракече көмүр кенин иштетип келатып 23-майда камакка алынган Нурлан Мотуевдин адвокаты Жумабек Шакиров “Азаттык” менен түз байланышка чыгып, ой-пикир бөлүштү.

- Адегенде сөздү Бакыт Калпетовдон баштасак. Абакта отурган “Ата мекен” партиясынын мүчөсү Бакыт Калпетов менен жолугуша алдыңызбы. Ага кандай кинелер тагылууда?

- Биринчиден, Бакыт Калпетов митинг болгондо активдүү катышуучу болгон экен. Өзү “Ата мекен” партиясынын мүчөсү болуп, көп жылдан бери жүргөн жигит экен. Ошондуктан аны митинг убагында кылмыш кылды деген шылтоолор менен 22-ноябрда кармап, Бишкек шаарындагы Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, андан кийин 23-ноябрдагы Ленин райондук прокуратура тарабынан санкция берилип, ошол эле күнү иши СНБга которулуп, азыр СНБнын СИЗОсунда камакта жатат. Кылмыш-Жаза кодексинин 234-статьясынын 2-беренесинин 1-пункту боюнча хулиганчылык деп айып коюлуп атат.

- Мамлекеттик телерадио компаниянын жетекчисинин орунбасары Бейшенбек Бекешовго кол көтөргөн деген айып коюлуудабы. Ошого кандай далилдери бар экен тергөөчүлөрдүн?

- Ошол адамга кол көтөрдү деген гана айып коюлуп атат. Бирок, бул жерде видео тасма бар экен. Видеотасмада элдин арасында көрүнүп турат, ал Бекешов жака колу шилтенген экен. Бирок, бул жерде аны ага кол көтөрүп урду деп айтуу кыйын. Урбашы деле мүмкүн. Анткени, эл көп болгондуктан бири-бирин түртүшүп, башаламандык болгондуктан эле өзүн-өзү коргоо үчүн деле колун көтөрүшү мүмкүн болчу. Тергөөнүн койгон айыбы боюнча ич жагына урду деп коюлуп атат. Ал эми соттук медициналык заключение боюнча Бекешовдун ичинде эч кандай так табылган эмес.

- Кандай жаракат алыптыр Бейшенбек Бекешов. Арызды өзү жаздыбы сотко?

- Өзүнүн колу менен жазылып атат. Жаракат аныкы бетинде гана бар. Ал эми видеотасма боюнча анын бетине ургандыгы жөнүндө эч кандай съемка жок.

- Калпетов менен жолуга алдыңызбы, анын акыбалы кандай?

- Калпетов менен жолуга алган жокмун. Себеби СНБнын графиги боюнча түшкү 12ге чейин гана иштешмек. Тергөөчү менен жолуктум, сүйлөштүм, бүгүн түштөн кийин жолугам. Башка дагы жактоочусу бар Райымкул уулу деген, ал жолугуп чыккан, абалы жакшы эле деп айтты.

- Нурлан Мотуев жакында абакта отуруп өзүнүн айтканын жарыялап, Каракечедеги караңгы иштердин артында президент Бакиевдин иниси Адылбек Бакиев турат деген маалыматтарды жарыялады. Бул маалыматтар канчалык негиздүү?

- Нурлан Мотуевдин ошондой интервьюсу чыкканы чын, албетте. Бирок, канчалык чындыгы бар, сот болгончо мен айта албайм. Себеби тергөө убагында прокуратурага тергөөгө бир дагы көргөзмө берген эмес. Анткени, тергөө менен прокуратурага ишеним көргөзгөн эмес. Себеби камакка алуу санкциясы закондуу түрдө болгон эмес. Далил жок жерден гана 27-майда муну камакка алып коюшкан. Ошондон бери ал тергөөгө, прокуратурага ишеним көргөзбөй бир дагы көргөзмө берген жок.

- Нурлан Мотуевге канча акчаны менчиктеп алган деген кине тагылып атат?

- Айып боюнча 70 миллиондун тегерегинде коюлуп атат.

- Соту качан башталчудай?

- Соту январь айларында башталып калат го.

XS
SM
MD
LG