Адвокат Жумабек Шакиров анын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен Биринчи май райондук сотуна кайрылаарын бүгүн кечинде «Азатттыкка» билдирди. Бүгүн Бакыт Калпетов менен жолугуп чыккан адвокат анын саламаттыгы канааттандырарлык экенин айтып, коюлган айып туура эместигин жана аны камоого эч кандай зарылдык жок деп эсептээрин коушмчалады. Бакыт Калпетов 23-ноябрда УКК абагына алынган. Ага мамлекеттик телерадиокомпаниянын башчысынын орун басары Бейшенбек Бекешовго кол көтөргөн деген айып тагылууда. «Ата Мекен» партиясы мындай айыптоону негизсиз деп эсептеп, аны бийликтин кысымы катары баалоодо. (SM)
22:30 «Ата Мекен» партиясынын камакка алынган мүчөсү Бакыт Калпетовдун адвокаты эртең сотко кайрылмакчы