Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:32

СҮЛҮКТҮ ШАХТЫ БАССЕЙНИНДЕ КЫРСЫК ТООРУП ТУРАТ


Сүлүктүдөгү көмүр бассейининдеги «Раимбердиев» атындагы шахты түйүнүндө болгон кырсык 5 кишинин өмүрүн алып кетти. Буга чейин деле коопсуздук абалы курч турган бул көмүр кенинде тийиштүү мекеме уюмдар тарабынан текшерүүлөр начар жүргүзүлүп келген. Жергиликтүү бийликтегилер мамлекет жеке ишин жүргүзгөн шахты ишканаларын алардын карамагына өткөзүп бергенде мындай болбойт эле деген ойдо.

Сүлүктү көмүр бассейининде баш аягы болуп жети ишкана көмүр казып чыгаруу ишин жүргүзүшөт. Алардын дээрлик көпчүлүгү жеке менчикте. Айрыкча акыркы жылдарда жеке ишин жүргүзүшкөн шахты кендеринде коопсуздук ылдыйлап, акыр аягы кенчилердин өмүрү кыйылуу менен аяктоодо.

Учурда 24 –ноябрь күнкү окуя боюнча Өкмөттүк комиссия түзүлүп, алар кырсыктын себептерин иликтеп, күнөөкөрлөрдү аныктап жатат.

Желдетилбеген шахты түйүнүнө түшүшкөн 5 киши көмүр кычкыл газы менен ууланышкан. Каза тапкандардын экөөсү шахтанын кенчилери, ал эми калган үчөөсү Лейлек районунун Мырзапатча айылынын тургундары болгон.

Каза болгондордун алды алты баланын, ал эми кеми бир баланын атасы. Өкмөттүк комиссия мүчөлөрү, бийлик тараптан бул үйбүлөлөргө 4 миң сомдон 50 миң сомго чейин жардам бериле турганын да айтып өтүштү.

Шахтадагы кырсыктын себептерин иликтеп жаткан мамлекеттик комиссиянын жетекчиси, биринчи вице-премьер-министр Данияр Үсөнов акыркы 15 жылдын ичинде Сүлүктү шахта ишканаларында кыйла башаламан иштер болуп кеткендигин белгилейт.

- Менин оюмча жалпы тартиптин жоктугу. Чындыгында айтканда акыркы он беш жылдын ичинде баары башаламан болуп кеткен бул жерде. Мамлекеттик тоо техникалык көзөмөл комитетинин иши бул жерде иштебей жаткандыгында эмеспи? Бизде регионалдык өкүлдөр бар, бирок Ошто турат. Ошондой болсо да шахталарда коопсуздук каралыш керек да. Мамлекеттик тоо техникалык көзөмөл комитети бул мамлекеттин көз карашы да, - деди Данияр Үсөнов.

Жергиликтуу бийликтегилер болсо мамлекет алардын карамагына жеке ишин жүргүзгөн шахта ишканаларын өткөзүп берсе абал он жагына кетет деген ойдо:

- Менчик катары да башка ведомствого баш ийет. Ошондуктан жергиликтүү бийликтин тиши өтпөйт. Ошондуктан механизм ойлоп чыгыш керек, - дейт губернатор Султан Айжигитов.

- Биринчиден шахтер өзү зирек болуш керек. Экинчиден тирөөчтөр терек болуп жатат. Алар көпкө чыдабайт,- дейт "Сүлүктү көмүр" акционердик коомунун башкы инженери Адыманап Пулатов.

Учурда беш адамдын өлүмүнө алып келген окуя боюнча Сүлүктү шаардык прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Сабыр Абдумомунов, Баткен

XS
SM
MD
LG