Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:35

ЖАХАНГИР : АЛ КЕЗДЕ АЯЛДАРДЫН ДА УКУГУ БАРБЫ ТАҢ КАЛЫШЧУ


Мындан 50 жыл мурда диний ишеним үчүн куугунтуктоо укук бузуу деп саналган эмес. Ал эми бүгүн Бириккен Улуттардан тартып, диний укуктардын сакчылыгында турган уюмдардын жана активисттердин бүтүндөй катмары бар, ал эми өнүккөн демократиялуу өлкөлөр диний укуктарды коргоону өзүнүн вазийпасы деп билет. Ошентсе да, бул жаатта өксүктөр жетиштүү. Үстүбүздөгү күндөрү БУУнун Диний дискриминациялоону жана диний сабырсыздыкты жок кылуу декларациясына 25 жыл толууда. Ушуга байланыштуу уюмдун диний эркиндиктер боюнча атайын өкүлү Асма Жахангир Азаттыктын суроолоруна жооп берди.

Дүйнөнүн чар-тарабында диний эркиндиктер чектелген жагдайлар кала берип жатканы менен, мындан чейрек кылым мурда дүйнө мамлекеттердин диний укуктарды коргой турган декларацияны кабыл алынышынын өзү эле чоң жетишкендик болгон. Азаттыктын суроолоруна жооп берип жатып, БУУнун атайын өкүлү Асма Жахангир ушул пикирин билдирди. Ал Түштүк Америкага караганда, Түндүк Америкада, тактап айканда Кошмо Штаттарында жана Канадада диний негизде кысмыкка алуу күчөгөнүн белгиледи. Ал эми мусулман өлкөлөрдө абал кандай?

Мусулман дүйнөсүнүн көп өлкөлөрүндө ал тургай мыйзамдарында жана саясатында ачык дискриминация бар. Жарандык динге байланыштырылган учурлар кездешет, мисалы эгер мусулман болбосоң, ал өлкөнүн жараны боло албайсың. Мусулман эмес диний азчылыктарга карата мыйзамдар бар. Бул зор проблема, иш жүзүндө ар бир диний лидер башкаларды биздин динге өткөрүү биздин укугубуз деп айтат болуш керек, бирок алар башка диндегилердин укуктарын кабылдабайт.

Жахангир Иранда бахаилерди мамлекеттик маалымат каражаттары аркылуу элге жаманаттуу кылуу аракеттери токтобой келатканын жана бул өлкөдөгү суфилердин абалы тууралуу маалыматтын тартыштыгы жарандык коомдун чабалдыгы менен түшүндүрүлүшү мүмкүн экендигин белгиледи.

Ошол эле мезгилде Өзбекстан, Түркмөнстан менен катар, Кытай, Орусия жана Израил сыяктуу өлкөлөргө БУУнун дин боюнча өкүлү катары баруу аракетинен майнап чыкпай келатканын айтып өттү. Ал эми Азербайжан, Франция, Шри Ланка, Нигерия өңдөнгөн мамлекеттер тескерисинче колдон келишинче кызматташып жаткан экен:

Азербайжандын өкмөтүн айрыкча бөлүп көрсөтөт элем. Алардын кызматташтыгына адам ыраазы болот, абдан ачык-айрым мамиле кылышат, көйгөй эмне экендигин түшүнүшөөрү көрүнүп турат. Алар ал көйгөйдү оңдогусу келет, балким бул колунан келбейт, бирок аракети бар.

30 жылдан бери адам укуктары үчүн күрөшүп келаткан Асма Жахангир ишмердүүлүгүн өз мекени Пакистандан баштап, кийин БУУнун сотсуз киши өлтүрүүлөр боюнча атайын өкүлү болгон. Ал өз ишиндеги башкы жетишкендиги деп Пакистанда аялдардын өз укуктары тууралуу түшүнүгүнүнүн кеңейишине аз да болсо салым кошкондугун атады:

Адам өзүнөн улуу жана акылман кесиптештеринен көптү үйрөнөт турбайбы. 1980-жылдары Пакистанда аялдардын алгачкы кыймылы башталганда, биз кийим тигүүчү машиналарды таркаткан эмеспиз. Биз аялдарга алардын да укуктары бар экендигин айтудан баштаганбыз. Ал кезде эл мындайды угуп көрөн эмес эле, аялдардын укуктары тууралуу да сөз кылабы деп таң беришкен. Бүгүн шаарларда гана эмес, айылдарда да аялдар өз укуктары тууралуу аздыр-көптүр болсо да кабардар. Мен Пакистанды көп кыдырдым. Ал кездерде кээде айылдарга барып калсам, эркектер "биз сени үйүбүзгө киргизбейбиз, сенин келгениңди билсе, аялдарыбыз биздин укуктарыбызды тепселеп атасыңар деп мээни чагат" деп айтышчу. Ошондуктан, Пакистанда бул маселенин козголгону чоң жетишкендик болгон. Активисттин иши ийне менен кудук казгандай, бирок коомдук пикир түзүү - эң татаал иш.

Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG