Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:18

ЖАҢЫ МАЙДАН ЖАЗДА БАШТАЛАБЫ?


Оппозициялык маанайдагы саясатчылар элди ойготуп салып тынчый түшкөнүн, аз жерден өлкөнү тартып бараткан арабанын ок жыгачы ортосунан ойрон боло жаздап барып токтогонун… азыр бир караган көзгө баары өз жайына келгенсип, балтасы да, дөңгөчү да эс алып, эми көпкө дейре керектелбечүдөй кейпке түшкөнсүп турганын, бирок, бул бейпилдик канчага созуларын же чындап эле карама-каршылыктар, тирешүүлөр токтодубу деген суроого жооп издеген «МСН» гезити, «Санжыра» партиясынын саясый кеңешинин төрагасы Эднан Карабаевге сөз бергенде, ал республикада ушу тапта бардык күчтөрдү бириктирчү тенденция жок экендигин, демек, карама-каршылык күн санап күчөй берерин, анысы да, мунусу да Сур эчкинин артынан сая түшкөн Кожожаш өңдүү президенттик тактыны гана эңсөө кумары менен ооруп, эчкимиси өлкө тагдырын ойлобой калганын айтса, белгилүү саясый жана коомдук ишмер Муратбек Иманалиев Кыргызстандын саясый турмушунда жаңы Башмыйзам өз айланасына көрүнгөндү агызып келип оп тарта берчү Айлампага окшоп турганын, келе жаткан Жаз өзү менен көп нерселерди аныктарын, саясат айдыңына таптакыр башка адамдар келерин, оппозицияны жаңы күчтөр толуктарын, жаңыдан уу-дуусу күчөй баштаган ХИПИК программасы жаңы КӨЧӨ ТОЛКУНУН жаратарын, Акүйдүн кумга башын ката коймо позициясы жаалданган элдин жаңы агымына апкелип, ЖАЗГЫ ТАШКЫН башталарын айтат.

Ушул эле гезит депутат Ө.Текебаевге байланышкан «Матрешка» чатагынын учугу Францияга жеткенин, ИНТЕРПОЛдун Лиондогу баш кеңсесинен келген кат ушу кезде ар кандай шылтоо менен гезиттерге жарыяланбай жатканын маалымдайт. Ошол эле учурда Таластык дыйкандар 2-декабрда өз депутаттары Б.Шерниязов, Ө.Бабанов,Ж.Иманалиевди Манастын Мекенине келип төөбуурчак икаясын угуп кетүүгө чакырык салганын, алар Бишкектен куру кол келбей антимонополия комитетинин жетекчиси И.Рысалиев деген чиновникти өздөрү менен кошо ала келүүлөрүн, антпей турган болушса Талас-Тараз жолун кан буугандай бууп салгандан башка айлалары калбай калганын жазды.

«Агым» гезити аркылуу депутат Өмүрбек Текебаев, бүгүнкү саясат туңгуюкка алып баратканын, азыр Кыргызстанды билимдүүлөр эмес, билеги күчтүүлөр, капчыгы калыңдар, акыйкаттан алыс адамдар, бирөөлөрдүн ырыс-кешигин басып алгандар башкарып жатканын, алар эми өз пикирин ачык айткысы келген жарандардын артынан сая түшүп, куйругуна калбыр байлоо аракетин, куугунтугун күчөткөнүн, мунун баары учурдагы бийликтин өмүрү кыска экендигин айткан. Ал эми ХИПИК программасына карата көз караштарын билдирген жазуучу Ж.Токтоналиев, буга кирүү менен Кыргызстан бейиштен кымбат жеринен, мүрөктөн кымбат суусунан айрыларын, публицист Б.Кылычбеков, эгер алар Кыргызстанда менчиктештирүүгө, соода-сатык иштерин либералдаштырууга кийлигишпесе кирсе болорун, жазуучу К.Акматов, тышкы карыздан кутулуу үчүн «Алеша» аттуу курулуш фирмасынын жетекчиси Жумабек Токтогазиев деген жигит 1 миллион сом ортого таштаганын, ушундай фонд түзүү чакырыгы менен калкка кайрылганын, ал ушундай намыстуу кыргыз жигиттерин колдорун, экономист А.Бекмуратова Кыргызстанга буга чейин чет өлкөлөрдөн келген карыз акчаларды кимдер жесе ошолор төлөшү керектигин айтышкан.

Өкмөттүк «Эркин тоо» гезити «Саясый партиялардын багы ачылдыбы?» деген макаласында Аскар Акаев жыттанган «Алга, Кыргызстан» партиясынын аты-жыты чыкпай калганын, анткен менен өткөн жылдын март айынан кийин биртоп жаңы партиялардын катары өскөнүн жазып келип, «Эмгек жана биримдик» партиясын өзүнүн жаңычыл көз карашы, туруктуу позициясы менен дароо көзгө урунуп, элге таанылганын баяндайт. Ошол эле убакта «Эркин тоонун» сүйүүсүнө арзыган бул «Эмгек жана биримдик» партиясы да эбак эле эл ичинде Бакиевдин партиясы катары таанымал экенин, анын айланасына ар качандан бир качан бийлик үзөнгүсү кимдин аягында болсо ошонун кончуна кире качмалар баш кошуп аларын, «Эмгек…» партиясы да 24-марттагы ЧОҢ КАЗАТтан кийин ойрон болгон «Алга Кыргызстан» баскан изге түшүп алып төтө жолдо кетип баратканын кеп кылган.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG