Бийик жолугушуунун негизги жыйыны 29-ноябрда эртең менен болот, жыйырма сегизинде кечинде болсо саммит сый тамак менен башталат. Адатта мындай саммиттер учурунда аны коштогон башка да жыйындар өткөрүлөт, мисал үчүн НАТОго мүчө эмес, бирок аны менен кызматташкан же ага мүчө болууну каалаган мамлекеттердин өкүлдөрү чакырылып, кеңири жыйындар өтөт. Рига саммити учурунда болсо андай Түндүк Атлантика кызматташуу кеңешинин жыйыны чакырылган жок, бирок эки илимий конференция өткөрүлүүдө.
27-ноябрда Ригада "Глобализация доорундагы НАТОнун өзгөрүүсү" деген конференция башталды жана ал жыйырма сегизинде да уланды, ага белгилүү илимпоздор, дипломаттар жана саясатчылар чогулду. Бул жыйынга катышууга келген АКШ Сенатынын Тышкы байланыштар боюнча комитетинин башчысы Ричард Лугар журналисттер менен жолукканда, келечекте НАТО уюмуна Грузия гана эмес, Азербайжан менен Казакстан дагы мүчө болушу ыктымал деп билдирди:
"Мен сунуш кылаар элем, НАТО уюму Азербайжан жана Казакстан менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурууга тийиш. Бул эки мамлекет тең тыкыз кызматташууга арзыйт, маселе али көп, бирок түпкү келечекте алардын мүчөлүгүн дагы талкууласа болот", - деди сенатор Лугар 27-ноябрда. Бирок уюмга жаңы мүчө кабыл алуу маселеси Рига жыйынында расми түрдө каралбайт.
Ошол эле конференцияга катышууга келген Грузия парламентинин спикери Нино Буржанадзе Маскөөнүн саясатын сынга алып, мунай менен газ сатууну ал саясий максатта пайдаланып жатканын белгиледи. Бул жыйын менен катар Ригада - "Келечек муундар үчүн көпүрө салуу" деген конференция дагы өтүүдө жана ага өкмөттүк эмес уюмдардын жаш жетекчилери катышууда.
Бул форумдун ачылышында 27-ноябрда Латвиянын президенти Вайра Вике-Фрайберга жана НАТОнун баш катчысы Яап де Хооф Схеффер катышты. Анда чыгып сүйлөгөн Латвиянын тышкы иштер министри Артис Пабрикс болсо НАТОну дүйнөдөгү эң натыйжалуу уюм деп атады.
Саммиттин өзүндө талкуулана турган маселелердин негизгилери - азыркы доордо НАТО уюму кандай реформаланыш керек экени жана Ооганстандагы абалды калыбына келтирүү. Ооганстанда аракеттенген чет өлкөлүк аскерлерди башкаруу милдети АКШдан НАТО уюмуна өткөнү белгилүү, бирок бул өлкөгө аскер жиберген мамлекеттер алардын аракеттерине бир топ чектөө да салган. Мисал үчүн, немис аскерлери кайсы бир аймак үчүн жооптуу болсо, алар ал аймактын чегинен чыкпаш бирок, бирок эгер кайсы бир башка жерде италиялык аскерлер кыйынчылыкка дуушар болгондо, немис аскерлери аларга жардамга келе албай калууда.
Ооган маселеси канчалык маанилүү экени туралуу АКШ президенти Жорж Буш дагы айтты: "Ооганстанга көбүрөөк аскер жиберүү жана алардын жергиликтүү коопсуздук күчтөрү менен кызматташуусун талкуулайбыз. Талибанды толук жеңүү - Ооганстандын жаш демократиясына күч берет. Ийгиликке жетиш үчүн Ооганстандагы НАТО аскерлеринин жетекчилери талап кылган нерселер менен НАТО мүчөлөрү аларды камсыз кылууга тийиш", - деди 28-ноябрда Буш Таллинн шаарынан Ригага жөнөп жатып.