Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:17

САММИТ МЫЙЗАМСЫЗ МИГРАЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШҮҮГӨ ЖАҢЫЛЫК КИРГИЗЕ АЛАБЫ?


Төрөкул Дооров, Москва Кечээ, 28-ноябрда, Беларустун баш калаасы Минскте КМШ мамлекеттеринин президенттеринин кезектеги саммити өттү. Анда каралган башкы маселелердин катарында мыйзамсыз миграцияга каршы биргелешип күрөшүү да бар эле.

Жакында Орусиянын өкмөтү чет-өлкөлүк эмгек мигранттарга өлкөдө иштөөгө бир топ чектөөлөрдү киргизе турган токтом кабыл алды. Ал келерки жылдын 1-январынан тарта күчүнө кириши керек. Бирок Минсктеги саммиттин алдынан Азербайжандын президенти Ильхам Алиев орус өкмөтүнүн чарасын жактырбаганын билдирген экен.

Чынында, азыр КМШ аймагында миграциянын негизги агымы эки мамлекетке туш келет. Булар Орусия менен Казакстан.

Орусия миграция жаатындагы башаламандыкты жөндөш үчүн КМШ мамлекеттеринен келчү мигранттарга квота бөлүп койду. Андан сырткары, «мигранттар келерки жылдан баштап орус жергесиндеги базарларда сатуучулук кыла алышпайт» деп билдирген. Бүгүн Орусиядагы базарларда, негизинен, азербайжандыктар иштеп жатканын эске алганда, Алиевдин аракети деле түшүнүктүүдөй көрүнөт.

- Бул жолугушуудагы негизги тема – мамлекет башчылары ортосунда компромисттик чечим табуу болот. Анткени Кавказдагы жана Борбор Азиядагы мамлекеттердин башчылары, албетте, өздөрүндө социалдык кыйынчылыктарды андан бетер күчөтүүнү каалашпайт. Бул мамлекеттер, негизинен, Орусияда иштеп жаткандардын эсебинен жашап жатат десек болот. Ошон үчүн бул маселеде бардык тараптарга жага турган чечим табылышы керек жана ал табылат. Кремль, мисалы, чек-өлкөлүк мигранттарды дискриминацияга алган бул токтомду кичине жумшартышы мүмкүн, а балким, ал токтом келерки жылдын башынан тарта эмес, кийинчерээк күчүнө кирсе керек. Жалпылап айтканда, ал формасы боюнча да, маңызы боюнча да жумшартылышы ыктымал, - дейт Москвадагы «Саясий маалымат борборунун» директору Алексей Мухин.

Ал эми КМШ Институтунун директору Константин Затулин Минсктеги саммиттен эч кандай деле ичти жылытаарлык чечим күтпөй турганын айтат.

- Бул проблемаларды талкууга алуу аракетинин өзү, албетте, жакшы. Бирок алар бир тыянакка келе алышабы – аны айтуу кыйын. Талкуунун жыйынтыгында анча түшүнүксүз, иштетүүгө жараксыз документ жаралышы деле ажеп эмес. Андай декларациялар КМШ уюмунда толтура. Мындай болбосо экен дейм.

XS
SM
MD
LG