Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:38

ИРАК ПРЕЗИДЕНТИ ИРАН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУУДА


Нарын АЙЫП, Прага 27-28-ноябрда Ирак президенти Жалал Талабани Тегеранда болуп, Ирандын жетекчилери менен жолукту. Акыркы апталарда Батыш мамлекеттеринде - Ирактагы абалды жөнгө салуу үчүн анын кошуна мамлекеттери Иран жана Сирия менен сүйлөшүү жүргүзүш керек деп айтыла баштаган. Иран жетекчиси Али Хаменеи болсо Ирак президентине - абалды оңдоо үчүн эң биринчи кезекте америкалык аскерлерди Ирактан чыгарып кетиш керек деп билдирди.

Ирактагы согуш ойдогудай жыйынтыкка алып келбей жаткандыктан, АКШ жетекчилиги акыркы мезгилде - Ирак саясатына өзгөртүүлөр киргизилет деп айта баштады. Конгресс болсо үстүбүздөгү жылы атайын комиссия да түзгөн жана мурдагы мамлекеттик катчы Жеймс Бейкер жетектеген ал комиссия өз докладын декабрда жарыялоого тийиш. Эксперттердин айтымында, Комиссиянын негизги жыйынтыктарынын бири - Ирактагы абалды калыбына келтирүү иштерине анын кошуна мамлекеттери Сирия менен Иранды кошуш керек деген сунуш болмокчу.

Мындай абалда президент Жорж Буш - Тегеран менен сүйлөшүү жүргүзүүгө Вашингтон даяр экенин билдирди, бирок мурдагыдай эле Ирандан аскерий максатты көздөгөн өзөктүк изилдөөлөрдү токтотууну талап кылууда. Сириянын сүйлөшүү жараянына кошулушу, эксперттердин пикиринде, бир топ арсар, анткени былтыр кошуна Ливандын мурдагы премьер-министри өлтүрүлгөнү менен байланыштуу Сириянын коопсуздук кызматтары күнөөлөнүп, атайын эл аралык трибунал дагы түзүлдү.

Аны менен катар, Лондон шаарындагы "Джейнс" изилдөө тобунун эксперти Алекс Ватанканын пикиринде, Ирактагы абалды калыбына келтирүүгө Сирия менен Иран көп деле салым кошо албайт: "Ирактын тагдырына Сирия менен Иран ушунчалык таасир кыла ала турганына мен ишенбейм. Менин оюмча, Ирактагы диний аралык кагылышууларга дагы бул эки мамлекет - айтылып жаткандай кеңири колдоо кылган жок, бирок, албетте, алар өздөрүнүн маанисин жогорулатып, Ирактагы абалды өзгөртүүгө алар кудуреттүү экенин көрсөтүүгө аракеттенүүдө, ал үчүн алардын өз себептери бар", - дейт Ватанка.

Ошондуктан мындай абалда Ирак президенти Жалал Талабанинин Тегеранга келгени өзгөчө мааниге ээ. Аны менен кошо Иранга Сирия президенти Башар Асад дагы чакырылды деген кабарлар пайда болгон, бирок ал Тегеранга келген жок. Талабанинин сапары дагы эки күнгө кечикти, антени 23-ноябрда бир күндүн ичиндеги кагылышуулардан Багдадда эки жүзгө жакын адам курман болгондуктан, Ирактагы абал өтө оор болчу.

27-ноябрда Тегеранда президент Махмуд Ахмадинежад менен жолукканда, Иран сыналгысы кабарлаганга караганда, Ирак жетекчиси Ирандан жардам сурады. Ахмадинежад болсо, учурдан пайдаланып, Батышты да сындап өттү: "Ирак элине анын душмандары таңуулаган азыркы абал ар бир ирандык жаранды, ар бир мусулманды, региондогу элдердин баарын бушайманга салууда. Биздин бир туугандык мамилебизге негизденип, Ирак элине биз бардык тармактарда жардам көрсөтөбүз", - деди Иран президенти.

Аятолла Али Хаменеи болсо Талабани менен 28-ноябрда жолукту жана Ирактагы жагдайды жөнгө салуу үчүн эң биринчи кезекте америкалык аскерлерди өлкөдөн чыгарыш керек деп билдирди. Анын айтымында, Ирактагы башаламандык азыр региондогу бардык башка мамлекеттерге дагы зыян тийгизүүдө. Иран сыналгысы болсо Талабаниге шилтеме жасап, Ирактагы коопсуздук маселелери ирактыктардын өздөрүнүн колунда болгондо, алар тартип орното алмак деп кабарлады.

XS
SM
MD
LG