Британиянын премьер-министри Тони Блэр Россиянын коопсуздук кызматынын мурунку агенти Александр Литвиненконун өлүмүн “камтама болуучу окуя” деп атады. Литвиненконун өлүмү Орус-Британ мамилелеринин чыңалышына алып келди. Блэрдин айтымында, Литвиненконун өлүмү боюнча ишти иликтөөдө эч кандай саясий тоcкоолдуктар болбошу керек. Литвиненко ууландырылган радиоактивдүү полоний затынын изи Лондондун дагы бир нече жеринен табылган.