Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:51

«ЖЕРҮЙ» БЕРЕЗОВСКИЙДИКИБИ?


Буга чейин Акүй мырзалары ырасмий жыйындарда атын укса так секирип, анын Кыргызстанга келишин танып келген Борис Березовский менен «Дело№» гезити бүгүнкү санында аңгеме-дүкөн курду. Айтылуу олигарх анын Кыргызстанга чынпейилден жасаган бизнес-визити эмнегедир айрым адамдардын тынчын кетирип, уйкусун бузуп жатканына таң калат, ал бир катар долбоорлордун үстүндө кызуу иштеп атканын, жеке элн ЖЕРҮЙ эмес, андан да олуттуу долбоорлорун жүзөгө ашыруу үчүн келишимдер барын, жасап жаткан иштери чечүүчү чекке жете элек болгондуктан ким менен сүйлөшүп атканын азырынча ачыкка чыгаргысы келбей турганын, президенттин уулу Максим менен Бишкекке учуп келгенде гана кол кысышканы болбосо аны менен кайсыл бир иштерди жасагыдай деңгээлде баланын баш-терисин жакшылап байкап көрбөгөндүгүн, Кремлди кыргыздардын башында Бакиеви турабы же Шакиеви турабы,ал эмес, мурдагы КМШ өлкөлөрүнүн бириндеги бархат революциясынын дүйнө алдында урап түшүшү көбүрөөк кызыктырарын… дагы көп нерселер тууралуу айтып берген.

Баса, ушул эле гезит март окуясынан кийин Акаевдердин үйбүлөсүнө таандык деп, тизмеси бүтүндөй Кыргызстанга жар салынган имараттар, ишканалар бүгүн кантип кайра эле Бакиевдердин үйбүлөсүнүкү болуп калганын, бул тизме боюнча кылмыш ишин козгогон Башпрокуротура ал ишти кантип дымын чыгарбай басып койгонун 2007-жылдын январында депутат Азимбек Бекназаров Жогорку Кеңеш аркылуу калайык-калкка шардана кыларын жазып чыкты.

«МСН» гзити кош жарандык маселесине кайрылып, бул боюнча Орусия Федералдык миграция кызматынын Кыргызстандагы жетекчиси Юрий Ермолаевдин пикирин сураганда, ал, кош жарандык маселеси бир эле күндө же бир жылда чечиле койчу маселе эместигин, аны эки өлкөнүн президенттери гана чече алышарын, кош жарандыктын артында оңбогондой оор маселелер турарын, мисалы, кош жарандыгы бар жаштар аскер кызматын кайсы өлкөлөрдө өтөшү керектигин, пенсияга чыккандардын пенсиясы кандай өлчөмдө болорун, анткени эки өлкөнүн пенсиясы эки башка деңгээлде экендигин, салык, бажы, коопсуздукка байланыштуу… дагы башка толгон-токой маселелерди терең иликтеп, талдап чыгып бир пикирге келүү оңой иш эместигин айтып берген.

Кыргызстандын бүгүн жарык көргөн гезиттеринин дээрлик баары өлкө жарандарын тынчсыздандырып жаткан ХИПИК программасы тууралуу ой-пикир, сунуштарды жарыялашты.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG