Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:20

КЫТАЙЛЫК УЙГУР АКТИВИСТТИН УУЛДАРЫ СОТТОЛДУ


Кытайлык уйгурлардын таламын талашкан белгилүү укук коргоочу Ребия Кадердин үй-бүлөсү Кытай мамлекети тарабынан жарга такалууда. Кадер өзү Кошмо Штаттарында сүргүндө жашайт, бирок анын Цинзян-Уйгур автоном областында жашаган бир уулу ушул аптада салык төлөгөн эмес деген айып менен жети жылга кесилди. Экинчи уулуна да ушундай эле айып коюлду. Ал эми кичүү уулуна чыккынчылык кинеси тагылууда. Кадердин жана башка укук коргоочулардын ишениминде, үчөөнү Кытай бийликтери энесинин ишмердүүлүгү үчүн жазалап жатат.

Ребия Кадеер Кытайдын түрмөсү кандай экенин жакшы билет. Ал мамлекеттик жашыруун сырды таркаткан деген кине менен беш жыл абакта отуруп чыккан. Өткөн жылы бошотулгандан кийин ал Кошмо Штаттарына сүргүнгө кеткен.

Бир кезде миллионер болгон ишкер айымга түрмөдөн чыкканда уйгур элинин укуктарын талашканды токтотпосо, анын Кытайдагы урук-туугандары жана бизнеси жапа тартат деп эскертишткен.

Айткандай эле ушул дүйшөмбүдө анын эки уулу салык төлөгөн эмес деп кесилгени маалым болду. Мунун алдыңкы күнү эле Ребия Кадер Германияда жайгашкан Уйгурлардын Дүйнөлүк Курултайынын жетекчилигине шайланган болчу.

Германиядагы Чыгыш Түркистан Маалымат борборунун президенти Абдулжелил Каркаштын айтымында, бул – саясий чара, Кытайдын бийликтери балдардын энесин кайгыртып, аны чет өлкөдөгү саясий ишмердүүлүгүнөн баш тарттыруу үчүн баарын жасап жатышат.

Лондондо жайгашкан Мунапыс уюму Кадердин уулдарынын соттолушун айыптады. Мунапыстын Чыгыш Азия боюнча аналитиги Корина-Барбара Фрэнсистин ишениминде, Кытайда укук коргоочулардын урук-туугандарын коркутуп, кысымга алуу көбөйүүдө.

Чыгыш Түркестан Маалымат борборунун жетекчиси Каркаш белгилегендей, Кытайда эмне болуп жатканы сырт жакта белгисиз, анткени Кытай бийликтери баарын жашырып, болгон окуяларды бурмалап көрсөтөт, ошондуктан дүйнөлүк маалымат каражаттары алар туурасында өтө аз билишет.

Кытайдын бийликтери бул окуяны комментарийлей элек. Бирок өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги жакында Рабия Кадерди сеператист деп мүнөздөгөн эле. Министрлик ошондой эле анын 2006-жылы Нобелдин Тынчтык сыйлыгына көрсөтүлүшүн айыптаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG