Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:25

ЖАЛАЛАБАТ: ХРИСТИАН ДИНИНЕ ЖАКЫРЛАР ӨТҮҮДӨ


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Жакырлык менен жумушсуздук Жалалабаттагы айрым адамдарды христиан динине өтүүгө мажбурлоодо. Коомчулуктун пикири боюнча христианчылыкты кабыл алгандарга акча таркатылып, түрдүү кайрымдуулук жардамдары берилет. Облустагы христианчыл “Жаңы жашоо” жана “Иса машаяк” аттуу диний уюмдардын өкүлдөрү жогоркудай түшүнүктөрдү четке кагып, ал уюмга киргендер өз тапкан каражатынын он пайызын муктаж болгондорго жумшаарын айтышты.

Коомчулуктун пикиринде турмушу оор жана жумушсуздук өкүм сүргөн айыл-кыштак тургундарын христиандык диний уюмдардын өкүлдөрү өз катарына тартууда. Журналист Анархан Жаңыбаева христианчылыкты кабыл алгандар тоолук кишилерге акчалай жана материалдык жардам таркатылганын байкаган:

- Бул жерде жашаган элдердин иштегенге иши жок, жашоо шарттары начар болгондуктан, аларга барып акчаларын беришет. Менин укканыма караганда, ал жака өткөн ар бир адамга алар өздөрүнө тартыш үчүн миң сомдон үч миңге чейинки акчаларды беришет экен.

Облус борборундагы “Жаңы жашоо” диний уюмуна кирип, Иса пайгамбарга сыйынган 100-150 адамдын 90 пайыздан ашыгы кыргыздар. Облбийликтин дин иштери боюнча кеңешчиси Садырбек Качкынбаевдин баамында диний түйүндөр турмуш жолу болбогон, оору адамдарды өз уюмуна арбап алууда:

- 95 пайызы кыргыз балдар. 20-30 пайызын оорусуна байланыштуу ишендирип алышкан. Ушул жерге отурукташа албай, кыйналып жүргөндөр, үй-бүлөдөн өз ордун таппай жүргөн, интеллектуалдык жактан өзүнө жооп бере албай жүргөндөр бар.

Шаар тургуну Бермет Султанова протестанттык бул уюмга оорунун айынан өткөн. Ал диний түйүнгө киргендерге акча таркатылаарын четке кагып, уюмдагылар кайра тапкан каражатынын он пайыз эсебинен багар-көрөрү жокторго, сокурлар менен дүлөйлөргө жардам беришкенин айтты:

- Ашказанымда жара бар эле, давлением аябай төмөн болчу, кан басымым төмөн болчу, ошолордон айыктым. Дайыма депрессияда болчумун, ал менде азыр жок. Башында мен да акча берет деп ойлогом. Ал жалган. Барганда мен өзүм көрдүм. Биз айлыгыбыздын бирден он бөлүгүн беребиз. Ал акчаны жетим жесир чалдар, балдарга таратып беребиз.

“Иса машаяк” тобунун мүчөсү Руслан Жунусовдун айтымында аталган диний уюмга облустун миңге чукул жараны өткөн. Жумушсуз жүргөн бул жигит Кудайдын ырайымы менен дин алмаштырганын айтты:

- Кудайдын бизге кылган ырайымын Иса машаяктан тапттык. Жалалабат облусу боюнча миңден ашык адам бар.
XS
SM
MD
LG