«Ата мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев мисал катары Бакыт Калпетовдун ишин, героин чатагын, «Пирамида», «НТС» телеканалдарына жасалган тоскоолдуктарды келтирди. Варшавадагы героин чатагына токтолгон Текебаев Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун төрагасы болууга Казакстандын акысы жоктугун билдирди. Эгерде Казакстан бийлигинин ниети таза болсо, анда катачылыкты бир кызматы кетиргенин мойнуна алып, тийиштүү териштирүү иштерин жүргүзүш керек эле.
14:12 Ө. Текебаев: Башкача ойлонгондорду кысмакка алуу Кыргызстанда кадимки көрүнүшкө айланууда