Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:19

РОЗА ОТУНБАЕВА: ЭЛ МЕНЕН БИЙЛИК ЭКИ ЖАККА БӨЛҮНҮП КАЛДЫ


“Реформа үчүн” кыймылы ноябрдын башындагы митингдердин катышуучуларын суракка алуу, куугунтуктоолор болуп жатканын билдирүүдө. Оштун губернатору жана башка айрым саясатчылар өлкөдө кырдаал кайра курчуп кетиши мүмкүн деп эскертүүдө. “Азаттык” менен түз ободо “Реформа үчүн” кыймылынын мүчөсү, Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Роза Отунбаева маектешти.

- Улуттук коопсуздук кызматы сизди, Алмаз Атамбаевди улам суракка чакыртып жатканы кабарланууда. Сиз бардыңызбы? Парламентте угузулган дискета боюнча кылмыш иш козголгонбу. Анткени айрым маалыматтарда козголгон жок деп айтылбады беле?

- Мен ошол митингден кийин эле суракка бир бардым. Бирок, булардын алып барганы туура эмес болду менин оюмча. Мага повестканы бербей туруп, «принудительный привод” деп мага токтом чыгарып менин офисиме келишиптир. Мен абдан каршы, нааразы болдум. Анткени, укукту коомдо өкмөт өзү тартипти бузуп, повестканы бербей туруп күчкө салып алып барганы туура эмес. Мени ошентип алып бара албайт экен, мен ошол кагазын алып, ошол замат пресс конференция бердим. Башка жөнөкөй адам болсо, аны күчкө салып эле машинесине тыгып эле алып кетет экен булар.

- Митингге катышкандарды куугунтуктоо болуп жатат деп “Реформа үчүн” кыймылы айтып атат. Бул жөнүндө атайын пресс конференция беребиз дешти эле, азырынча боло элек, бул боюнча кыймылда бир пикир жокпу?

- Кеп бир пикирде эмес, кеп ошол фактыларда, канча фактылар топтолсо ошонун негизинде. Мен мисалы өзүмө тиешелүү факт боюнча ошол замат пресс конференция бердим. Абдан туура эмес деп чечип атам. Качан эле коопсуздук кызматы өкмөттүн карамагына өткөн, ошондуктан өкмөт колун тартсын кыймылдан. Экономика менен алек болуп экономиканы жакшыртсын деген ойдомун.

- Негизи ноябрдын башындагы митингде “Реформа үчүн” кыймылы бир катар талаптарды койду эле. Алар Конституциялык реформа болгон үчүн токтотулдубу?

- Конституцияны өзгөртүү эң негизги талап болчу. Бул талабыбыз ишке ашып, жаңы Конституция кабыл алынды. Азыр эми текстин бүтүүдөбүз. Ошол тексти чыкса эле көп иштер ишке ашкан атат Кыргызстанда Конституция боюнча. Азыр түшүндүрүү иштери көп болуп атат. КТР баш болуп, президенттин, өкмөттүн, соттордун укуктары, ошентип республика боюнча ар кайсы жерлерде Конституцияны түшүндүрүп, жаңы закондорду жазмай башталды. Мындай иштер барыбызды кубантат. Ошол эле учурда бир топ маселелер биздин күн тартибибизде турат. Азыркы күндөрдө абдан чоң толкун келе жатат. Бул ХИПК программасы боюнча, башкача айтканда экономиканы кантип оңолтобуз. Бул бийликке кандайча ишенимди кайра кайтарып алып келебиз деген чоң маселелер турат алдыбызда.

- Сиз тышкы саясатта, чет өлкөлөрдө көп иштеп жүрдүңүз, ХИПК программасына кошулуу маселесин колдойсузбу, же каршысызбы?

- Бул жерде кеп тышкы саясатта эмес. ХИПК деген биздин бийликке ишеним барбы, же жокпу. Ошол ишеним бар болсо анда эл карызга дагы алсын, анан кутулабыз деп эсептейт эле. Бирок азыр такыр ишеним жок да. Ишеним нөлдө болуп турганы үчүн эл карызга албайсыңар, биз уруксат бербейбиз, карызга алсаңар кайра эле 15 жыл бою келаткандай эле аласыңар, жейсиңер, ичесиңер деген мааниде азыр карызга алдырбай, кол койдурбай атат, сүйлөшүүгө жолотпой атат эл. Менин билишим бул боюнча Дүйнөлүк банктын жанында бүгүн чоң митинг уюштуруп атат бейөкмөт уюмдар. Бирок Дүйнөлүк банктын жанына уюштурганы туура эмес деп ойлойм. Анткени, бул биздин өкмөткө карата болуш керек. Дүйнөлүк банкка барып кайсы сүйлөшүүлөр болбосун, кезекте турабыз, алгылачы ошол программага бизди да киргизгилечи деп. Ошондой он чакты кедей жакыр мамлекеттер турат кезекте. Алар муну аткардыңар, муну аткарган жоксуңар деп бизди кубалап да жибериши мүмкүн. Кеп өзүбүздө болуп атат, бизди эч ким кыйнаган жок, эч ким аркан менен ал жака алып барып аткан жок.

- Негизи Оштун губернатору жаңы саясий кризис болушу мүмкүн деп эскертти, сиз буга кошуласызбы, же кошулбайсызбы?

- Өткөндө Өмүрбек Текебаев деле айтты эле, биз кризистен кризиске өтө беребиз деп. Ар бир өлкөдө эле ушундай кризистен кризиске барат. Ошондуктан такыр кризис болбойт деп мен айта албайм. Ар кандай кризиске учурайбыз. Мына бүгүнкү боло турган ХИПК программа деле кризиске алып барышы мүмкүн. Анткени, эл экиге бөлүнүп турат. Эл бир тарапта, бийлик бир тарапта калып калып атат. Ошондуктан бул деле өзүнчө кризис.

Маектешкен Венера Сагындык кызы

XS
SM
MD
LG