Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 23:15

КОМПЬЮТЕРДИК ОЮНДАР БАЛДАРДЫ ЗОРДУК-ЗОМБУЛУККА ҮЙРӨТӨБҮ?


Бишкекте үч адамды мыкаачылык менен өлтүрдү, бир нече адамга кол салды деген шек менен жакында эле Мирлан аттуу жигит кармалды. Психикалык саламаттыгы начар саналган бул жигит өзүн компьютердик тармактык оюндардын жана курч окуялуу көркөм тасманын каарманы «Мика Годзилла» катары санайт. Адистер кылмышка шектелген адамдын тармактык оюндарга тиешеси бар-жогун аныкташа элек. Бирок, тарбиячылар «зордук-зомбулук басымдуулук кылган компьютердик оюндар, көркөм тасмалар өсүп келаткан муундун аң-сезимин ээлеп алып жатат” деп тынчсызданып жатышат.

«Годзилла» - режиссер Роланд Эммерих тарткан фантастикалык тасма. Анда, эбегейсиз чоңдуктагы Годзилла деп аталган коркунучтуу жандык Нью-Йорк шаарын талкалап, адамдарды кумурскадай тепсеп, бүлгүн салат. Учурда бул тасманын негизинде жасалган тармактык оюндар жаштар арасында кеңири таралган.

Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси, полковник Акылбек Казакеевдин пикиринде, бир нече күн бишкектиктердин жүрөгүнүн үшүн алган «Мика Годзилла» аты бар киши өлтүргүчтүн тармактык оюндардан таасирленген- таасирленбегени азырынча белгисиз.

Анткен менен, курч сюжеттүү ар кыл оюндарды ойнобогон же ага кызыкпаган өспүрүмдөрдү компьютердик технология өнүккөн азыркы учурда сейрек жолуктурууга болот. Маселен, төртүнчү класстын окуучусу Айтмат Орунтаев, так ушундай тармактык оюндарды ойногонду жакшы көрөт.

- Эң жакшысы ал жакта өлтүрөсүң бири-бирибиңди аткылап. Куралга код жасаса да болот. Мина койсоң үй жарылат. Анан, “террорлор” же “коптор” болуп ойносоң жакшы.

Алтынчы класстын окуучусу Калкабай уулу Төлөндү, экрандан көрүп алып, өзүн кадимкидей мылтык кармагандай элестетерин айтты.

- “Контрстрайк” кызыктуу мага. Атышып ойногонду жакшы көрөм. Ал жакта мылтыктын түрү бар, “калашник”, “вестик” сыяктуу. Мен деген көбүнчө “калашник” алам. Мындай, телевизордон көрүп, өзүңдү чындап мылтык кармагандай элестетесиң. Жөн эле оюнда атканда киши өлбөгөндөн кийин эмнеси кызык. А компьютерде атсаң киши дароо өлөт.

Айрыкча Бишкек шаарында тармактык оюндар көп жайылгандыктан, мектептерде бул өзүнчө олуттуу проблемага айланган. Айрым мектептерде бул оюнга кирип кеткен балдарга көзөмөл жүргүзүүчү комиссиялар иштешет. Улуттук компьютердик гимназиянын директору Элнура Музаеванын айтымында, шаарда тармактык оюндар абдан күч алган. Чоң кишилер үчүн казинолор, рулеткалар сыяктуу эле, бул дагы өспүрүм кезден эле балдардын аң-сезимине чоң таасирин тийгизип атат.

Бир канча жылдан бери айрым тармактык оюндардын ээлери отуз-кырк миң сомдон байге коюп, компьютердик ар кыл оюндар боюнча балдар арасында мелдеш уюштуруп келишет. Мунун айынан ондогон балдар мектепке гана эмес үйүнө да барбай калышат.

- Чоң кишилер үчүн мүмкүн отуз миң сом чоң акча болуп эсептелбесе, балдар үчүн бул абдан чоң акча болуп эсептелет дагы, балдар үйлөрүнө келбей күнү-түнү ушул компьютердик оюндарга алаксып, мектепти да үйдү да унуткан учурлар болот, - дейт Элнура Музаева.

Учурда Бишкек шаарындагы тармактык оюндары бар компьютердик клубдардын саны тууралуу так маалыматтар жок. Ар кыл эсептер боюнча булар миңдеп саналат. Айрым адистер бул жайлардан тармактык оюндарга катуу берилген миңдеген жаңы муун тарбияланып, өсүп келатканына тынчсызданышууда.

Психолог Асылбек Жоодонбеков компьютердик тармактык оюндардын баарын эле тескери аң-сезимге таасир берүүчү кооптуу оюн катары караган көз караштарды жактабайт:

- Тармактык оюндардын башка дагы жакшы жактары бар. Балдардын аң-сезимин өстүрүүчү, алардын көңүл коюучулугун, адамдык сапаттарын жогорулатат. Балдардын буга кызыгып аткандары да мыйзам ченемдүү нерсе. Маселе, биздеги билим берүү мекемелери, ата-энелер балдарды кызыктыра турган, ошол эле тармактык оюндарды, аларды негативдүү ойлонууга эмес, позитивдүү, жакшы нерселерге үндөй турган оюндар менен алмаштыруусунда. Информатик мугалимдер, програмисттер ал оюндарды позитивдүү нукка бурушу керек, - дейт Асылбек Жоодонбеков.
XS
SM
MD
LG