Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:31

ДОХА ШААРЫНДА 15-АЗИЯ ОЮНДАРЫ АЧЫЛУУДА


Кабыл Макеш, Доха 1-декабрда Катардын ордо калаасы Доха шаарында 15-Азия оюндары расмий ачылууда. Бирок мелдештер ага чейин эле башталды. Бир аздан кийин олимпиада айылында Кыргызстандын желеги көтөрүлмөкчү. Тилекке каршы, кечээ кыргызстандык футболчулар Кувейттин командасына утулуп калышты.

Кыргызстандын спорттук делегациясынын негизги бөлүгү 28-ноябрда Катарга келишти. Спорттук делегациянын өлкөнүн дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бектур Асанов, Талас облусунун губернатору Жусуп Жээнбеков, Кыргызстандын олимпиадалык даярдоо борборунун директору, олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев баштап келишти. Бул күнү Кыргызстандык спортчулар Доха шаарында атайын курулган олимпиадалык айылда жайгашты. Бул жерде спортчулар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлүп, машыгуу үчүн спортзалдар, аянттар менен таанышты. Кыргызстандык футболчулар Катар өлкөсүнө 15-ноябрда келишкен. Алар иргеп алуу мелдештерине катышты. Биринчи беттешүүдө Макао өлкөсүн 7:0 эсебинде жеңип алышса, экинчи оюнда иорданиялыктар менен эсеп ачылбай 0:0 болгон, ал эми үчүнчү оюнда Тажикстандын футболчулары менен 2:2 эсебинде тең чыгышып, топтун айырмасы менен кыргызстандык футболчулар финалдык беттешүүлөргө укук алышкан. Ошентип Азиянын 24 командасынын чучукулак кармашында кыргызстандык футболчулар Тайланд, Кувейт жана Палестина менен атаандашмак болушту. 28-ноябрда Кувейт өлкөсүнүн футболчулары менен беттешти. Биринчи таймда эсеп ачылбай, эки команда теңата оюн көрсөтүшкөн.

Эсепти экинчи таймда 56 мүнөтүндө кувейттиктер ачышып, командасын алдыга сүрөдү. Демилгени колго алган кувейттик футболчулар 74 мүнөттө дагы бир топту Кыргызстандын дарбазасына багытташты. Оюндун акырында майдалап жааган жамгырдан футбол талаасы сыйгалак болуп, кыргызстандык футболчулар чабуулдарынан майнап чыкпады. Акыркы 90 мүнөттө кувейттик футболчулар дагы бир топту киргизүүгө үлгүрүп, оюн 3:0 эсебинде алардын жеңиши менен аяктады. Кыргызстандын атаандашы Тайланд өлкөсү Палестинанын футболчуларын 1:0 эсебинде утуп, үч упайга ээ болушту.

Бул күнү Өзбекстан Бириккен Араб Эмираттарынын футболчуларын 2:1 эсебинде, Түштүк Кореялык футболчулар Бангладеш командасын 3:0 эсебинде жеңип алышты.
XS
SM
MD
LG