Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:19

ЭКСПЕРТТИК КЕҢЕШ ЭМГЕК МИГРАНТТАРЫНА ЖАРДАМ БЕРЕ АЛАБЫ?


Аманбек Жапаров, Бишкек 29-ноябрда Бишкекте болуп өткөн эмгек миграциясы боюнча эксперттик-консультативдик кеңештин алгачкы жыйынында мигранттарды укуктук жана социалдык жактан коргоо боюнча бирдей мыйзам чыгаруу, кеңештин жобосу, уюштуруу маселелери талкууланды. Жыйынга Орусия, Тажикистандын депутаттары катышты. Миграция жана калкты жумуш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Айгүл Рыскулованын пикиринде, жогорудагы кеңеш аткаруу бийликтеринин, парламент өкүлдөрүнүн катышуусунда ЕрАзЭСтин же КМШнын органдарынын алкагында түзүлмөйүнчө, жыйынтыктуу натыйжа бербейт.

Кыргызстандын демилгеси менен уюштурулган эмгек миграциясы боюнча эксперттик-консультативдик кеңештин максаты тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Исабеков буларга токтолду

"Биздин негизги максатыбыз - мигранттарды укук жана социалдык жактан коргоо. Мына ошого бирдей мыйзам чыгаралы деп чечтик. Ушул эксперттик-консультативдик кеңештин даярдыгын, апрель айында өтүүчү парламенттик ассамблеянын миграция маселеси боюнча чоң жыйынында сунушташыбыз керек."

Миграция боюнча эксперттик кеңешке Орусия, Тажикистан, Кыргызстан, Казакстандын аткаруу бийликтеринин өкүлдөрүн мүчөлүккө киргизүү, ушул эле алкакта миграциялык кызматтардын кеңешин түзүү сунушталат. Бул аракеттер төрт мамлекеттин миграция боюнча ички-тышкы мыйзамдарын бир калыпка келтирип, Европанын үлгүсүнө жакындатуу максатын көздөйт. Мына ушунун негизинде ЕврАзЭстин алдында миграция боюнча консультативдик кеңеш түзүү сунушу менен төрт мамлекеттин атынан Григорий Рапотага кат жөнөтүлөт.

Кыргызстандын Миграция жана калкты ишке жайгаштыруу комитетинин жетекчиси Айгүл Рыскулова болсо миграция боюнча эксперттик-консультативдик кеңештин иш-аракети натыйжа бербейт деген көз карашта. Анын пикиринде, ЕврАзЭСтин же КМШ органдарынын алкагында аткаруу бийликтеринин өкүлдөрү, парламентарийлерден турган миграция боюнча жаңы структура түзүлүп, ал кандайдыр бир чечим кабыл алууга кудуреттүү болушу керек. Ал эми эксперттик-консультативдик кеңештин курамы министр же депутаттардан эмес, миграция боюнча керектүү мыйзамдарды иштеп чыккан окумуштуу, тиешелүү адистерден түзүлүшү абзел.

Жыйынга катышкан Орусиянын Федерация кеңешинин КМШ боюнча комитетинин төрагасы Вадим Густовдун айтымында, Орто Азия миграциянын негизги башаты болуп, мыйзамсыз мигранттар Орусияга да проблемаларды жаратууда.

"Азыр бул жактан агылган 70-80 пайыз мыйзамсыз мигранттар Казакстандын чегарасы аркылуу өтүп келишүүдө. Ошондуктан бул маселени Европалык цивилизациялуу тартипке келтиришибиз керек."

Вадим Густов ошондой эле келерки жылы кеңештин мыйзамдык базасын түзүп, декабрь-январда Орусиянын миграция боюнча саясатынын концепциясын кабыл алуу, жүзгө жакын мыйзамдарды иштеп чыгуу зарылчылыгын белгиледи. Анын айтымында, учурда чет өлкөлөрдөн келген 10 млн. мыйзамсыз мигранттар Орусиянын эмгек рыногунда укугу жоктугунан, социалдык жана укуктук жактан корголбой келүүдө. Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстандан агылып келген эмгек мигранттары ар бир өлкөдөн кеминде 500-700 миң адамды түзөт.

XS
SM
MD
LG