Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:27

'АЛ-КАИДА' ТЕРРОРДУК УЮМУ МУНАЙ ӨНДҮРҮШҮНӨ ЧАБУУЛ ЖАСООГО ДАЯРДАНУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Лондон шаарында жайгашкан "Жейнс" изилдөө тобу жакында жаңы макала жарыялап, "ал-Каида" террордук уюму жакын арада мунай куурларына же ишканаларына террордук чабуул жасашы мүмкүн деп билдирди. Эксперттердин пикиринде, Батыш мамлекеттери өз экономикаларын мунайга көз каранды болгон абалдан чыгарууга тийиш.

"Жейнс" изилдөө тобу негизинен коопсуздук маселелерине адистешет, анын 29-ноябрда жарыяланган макаласында эл аралык террорчулар дүйнөлүк экономикага канчалык зыян тийгизиши мүмкүн экени жөнүндө баяндалат. Макала - изилдөө тобу чыгарган бюллетендин январдык санында жарыяланууга тийиш.

Анда келтирилген маалыматтарга караганда, кайсы болбосун согуштун экономикалык жагы өтө маанилүү - согушуп жаткан тараптын биринин экономикалык мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болсо, ал акырында согушту жөн гана уланта албай калат жана аны токтотуу жолдорун издөөгө киришет. Аны эл аралык террорчулар дагы жакшы түшүнөт жана ага - "ал-Каида" уюмунун жетекчилеринин жарыялары күбө.

Мисал үчүн, 2001-жылдын 11-сентябрында Вашингтон менен Нью-Йорк шаарларына жасалган чабуулдардан кийин "ал-Каиданын" жетекчиси Усама бин Ладен мактанып, биз короткон бир доллар Америка Кошмо Штаттарына бир миллион доллар зыян тийгизүүдө деп билдирген. 2004-жылдын октябрында болсо бин Ладен дагы бир жарыя жасап, Жакынкы Чыгышта биз өз желегибизди көрсөтүп койсок эле Вашингтон коопсуздук чараларын күчөтүп, эбегейсиз чыгымга дуушар болууда деп айткан. Анын пикринде, мындай аракеттер менен Батыш мамлекеттеринин экономикасынын канын алып, алсыздандыруу керек жана акыр-аягында алар банкротко айланат.

Лондон шаарындагы Стратегиялык изилдөөлөр институтунун эсеби боюнча, өзүнүн террордук аракеттери үчүн "ал-Каида" 500 миңге жакын доллар коротту, АКШ болсо 2001-жылдан бери 500 миллиард долларга чыгым болду. Нобел сыйлыгынын ээси Жозеф Стиглиц келтирген маалыматтарга караганда, террорчулук менен жүргүзүлүп жаткан күрөшкө азыр жыл сайын 150 миллиард доллар жумшалууда, Пентагон келтирген сан болсо анчалык көп эмес, бирок баары бир жогору: анын басма сөз катчысы Розеанн Линчтин айтымында, бардыгы болуп акыркы беш жылдын ичинде антитеррордук аракеттерге 173 миллиард доллар коротулду.

Чыгашалар чындап эле көп жана "ал-Каиданын" тактикасынын жөнү бар. Мисал үчүн, Мисирдин Луксор шаарында 1997-жылы болгон террор аракетинен кийин өлкө казынасына туризмден түшкөн киреше 53 пайызга азайган, 2002-жылы Индонезиянын Бали аралындагы жардыруудан кийин болсо өлкөнүн туризм тармагы беш миллиард доллар чыгашага учураган. Ал эми үстүбүздөгү жылдын февралында Сауд Арабиядагы Абкайк мунай ишканасына чабуул жасоо аракети болгондон эле мунайдын дүйнөлүк баасы эки долларга көтөрүлдү.

Анткен менен Батыш экономикасы террорго каршы согуштан эбегейсиз алсырап да кеткен жок, акыркы маалыматтарга караганда, АКШ экономикасы өсүү жолунда, Улуу Британиядагы өндүрүш дагы көбөйүүдө. Ошондуктан, айрым маалыматтарга караганда, "ал-Каида" азыр өз тактикасын акырындап өзгөртүп, бутага мунай ишканалары менен куурларды алууга даярданууда, деп жазат "Жейнс".

1996-жылы жасаган билдирүүсүндө бин Ладен мусулмандардын эки ыйык жери - Мекке менен Медина жайгашкан Сауд Арабияны Батыш багынтып алгандыктан, биз аларды бошотуу үчүн күрөшкө чыгыш керекпиз деп жарыялаган. 2004-жылдын декабрында болсо бин Ладен Батышка экономикалык жихад жарыялап, бутага мунай өндүрүшү алынууга тийиш деп билдирди. Анын айтымында, мунайдын баасы көтөрүлгөнү дагы Батыш экономикасына урулган сокку болууда жана эгер Батыш мамлекеттери мунайдан четтетилсе, алар ылдам эле экономикалык жактан кудуретсиз болуп чыгат.

Батыш экономикасы мунайга өтө көз каранды экени анын саясатчылары менен окумуштууларын дагы тынчсыздандырууда. Бирок, эксперттердин айтымында, мунайды башка кубат булактары менен алмаштыруу аракеттери мындан 20-30 жылдан кийин гана ийгиликке жете баштайт, ошондуктан эл аралык террорчулук менен дүйнө мамлекеттери дагы көпкө күрөшүүгө мажбур болот.

XS
SM
MD
LG