Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:28

ЦРУНУН ЖАШЫРУУН ПРОГРАММАСЫН ЕВРОПА ӨКМӨТТӨРҮ БИЛГЕН


Жаныл Жусубжан, Прага Европа Биримдигинин көпчүлүк мүчө-өлкөлөрүнөн АКШнын Борбордук Чалгын кызматы террорист деп шектелгендерди жашыруун кармап кетип жаткандыгын ал өлкөлөр билген. Европалык парламентте 28-ноябрда ачыкталган отчеттун долбоорундагы бул тыянак ЦРУнун чуулгануу программасынын айланасындагы транс-атлантикалык жаңжалды кайрадан козутаары анык.

ЦРУнун Европада жана башка жактарда жашыруун зындандары бар экендиги тууралуу биринчи жолу америкалык Вашингтон Пост гезити жана АКШда жайгашкан Хюман Райтс укук коргоо уюму дүйнөгө жар салышкан эле. Ошондо Европалык бир катар саясатчылар буга аябай ачууланышып, нааразы болушкан. Европарламенттин соңку отчетуна караганда, алар бирди айтып, башканы кылган эки жүздүүлүгүн көрсөтүшкөн окшобойбу.

Сентябрда АКШнын президенти Жорж Буш мындай жашыруун камак жайларынын болгондугун мойнуна алган, ошол эле убакта шектүү террористтер кыйноого дуушар болгон деген кинелерди четке каккан.

Европа Парламентинин соңку отчетунун долбоорунан дагы кошумча маалыматтарды табабыз. Отчеттун башкы редактору, парламенттин италиялык Социалисттик партиядан шайланган мүчөсү Клаудио Фаванын айтымында, америкалык расмий өкүлдөр бул программа туурасында европалык кесиптештерине такай кабарлап турушкан. Мисалы АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс 2005-жылдын февралында НАТО-Европа жыйынында да, кийин Брюсселде да бул операциялардын аки-чүкүсү тууралуу баяндама берген.

- Өкмөттөрдүн көбү бул программага активдүү же пассивдүү катышкан деген жыйынтыкка бизди түркөн жагдай ушул болду. Мыйзамда каралбаган камакка алуулар жана кармалгандарды өткөрүп берүүлөр тууралуу Европалык өкмөттөр билишкен.

Фава ошондой эле бардык мүчө-өлкөлөр анын иликтөөсүнө жардамдашунун ордуна, "төө көрдүңбү жок, бээ көрдүңбү жок" деген мамиле кылышканын айыптады. Ал Европа Биримдигинин 12 өлкөсү, анын ичинде Британия, Дания, Германия, Италия жана Испания, ошондой эле румыния, Босния, Македония жана Түркия ЦРУнун программасы менен кызматташканын бышыктады.

Фава ал тургай Евробиримдиктин тышкы иштер саясатын тейлеген Хавиер Солананы Европарламенттин мүчөлөрүнө берген көрсөтмөсүндө айрым маалыматтарды жашырып койгондугу үчүн күнөөлөдү.

Фава бирок Европада жашыруун түрмөлөр болгон деген шектенүүлөрдү бышыктай алган жок. Ал мурда айтылып келгендей эле, америкалык жашыруун кызматтардын Румынияда жана Польшада көмүскө камак жайлары болгон болушу мүмкүн деп айтты. Европапарламенттин бул отчету келерки жылдын башында парламенттик толук жыйында талкууга коюлуп, колго салынат.

XS
SM
MD
LG