Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:37

ТЕҢ УКУКСУЗДУК МЫЙЗАМ ИШТЕГЕНДЕ ГАНА ЖОЮЛАТ


29-ноябрда Жалалабатта зордук-зомбулук менен гендердик теңсиздикти жоюу тууралу жыйын болуп өттү. Анда айтылгандай, жашоонун жана маалыматсыздыктын айынан КМШ жана алыскы чет өлкөлөргө сатылган кыз-келиндер түрдүү басмырлоого туш болушат. Күйөөсүнөн кордук көргөн аялдардын көбү укуктарын коргоого маани беришпейт. Казакстан сенатынын 8 пайызы, Өзбекстандын Олий Майлисинин 18 пайызы, Тажикстандын Жогорку Кеңешинин 12 пайызы аялдар болсо, кыргыз парламенти алардын өкүлүсүз иштөөдө. Бийлик уюмдарында деле аялдар саналуу.

«Сорос Кыргызстан» кору каржылаган «Зордук зомбулукка каршы» аттуу акцияны Жалалабаттагы лидер аялдар бирикмеси өткөрдү. Бирикменин алдындагы «Каниет» кризистик борборуна түрдүү басмырлоого туш болгон 9 адам кайрылган. Бирикме төрайымы Жанна Саралаевага Туркия менен Араб Эмиратына алданып кетип, күңчүлүктө калган кыз-келиндерди алардын туугандары кабарлаган. Маалыматсыздык менен мыйзамды билбегендиктин жана жашоонун айынан укугу бузулган адамдар аз эмес. Жанна Саралаеванын пикиринде мындай зордук-зомбулукту маалымат кампаниясын жүргүзүү аркылуу азайтуу ыктымал:

- Адамдардын жашоо шартынын кыйындыгы, жумуш орундарынын жоктугу, үй-бүлөлөрүн бага албай жакшы акча аласыңар дегенди угуп алып эле барып кыйын абалга түшүп калышкан. Башка өлкөдө, мисалы Эмиратта жана Түркияда түрмөгө дагы жатып чыккан кыздарыбыз бар. Ал эми Казакстан менен Орусияга кеткендер боюнча бизге бир киши айтты, айылыбыздагы өзүнүн досун 100 долларга Казакстанга сатып жиберген деп.

Борбордун психологу Гульфира Абдубалиева Ноокендик үй-бүлөнүн Казакстанга, Сузактык кыздын Орусияга сатылып, тажик гастарбайтерлерине аял болуп, алардын токмогунун эси энги-денги болуп жүргөнүн мисал кылды:

- Ошол жерге кул болуп, Кыргызстанга келе албай кыйналып «Лиомом» боюнча бул жерге келишти. Бир кызды алдап Орусияга алып барып курулуш болуп аткан жерге кызды сатып койгон. Ал жерде 10 тажик жашачу экен. Аларга эртең менен кир жууп, кечкисин катын болуп жүрөсүң дешкен. Катуу урушкан. Азыр көзү көрбөйт, башы ооруйт. Ал келгенде биз жардам бергенбиз.

Талкууда айтылгандай, өзбек парламентинин 18, Тажикстан Жогорку Кеңешинин 12, казак сенатынын 8 пайызын аялдар түзсө, Кыргызстандын жергиликтүү бийлик уюмдарында аялдарга 2-3-кызмат берилет. Жогорку Кеңеште аялдардын өкүлү жок.

Жалалабаттагы гендер маселеси боюнча семинар-талкууну ЕККУ каржылады. Шаар мэриясынын бөлүм башчысы Абдыкапар Шүкүровдун оюнда гендер теңсиздигин Баш мыйзамда көрсөтүлгөн партиялык тизме менен шайлоо азайтышы мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG