Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:01

КАИРДЕ ЭЛ АРАЛЫК ФЕСТИВАЛ ӨТҮП ЖАТАТ


Жаңыл Жусубжан Ушул күндөрү Египеттин баш калаасында 30-Каир Эл аралык Кино фестивал өтүп жатат. Бул фестивал Араб дүйнөсүндөгү кино-исскуство менен катар жалпы эле дүйнөлүк киноматографиянын өнүгүшүндөгү таанымал кароолордун бири болуп саналат.

Карабак үчүн согуштун күчөп турган чагы. Сонянын күйөөсүн армяндар туткунга алышат. Айылдаштары кийин армянды колго түшүрүшкөндө, күйөөсүнө алмашып алсын деп туткунду Соняга барымтага беришет. Туткун эшикте эркектин жумушун жасап, үч баланы багышка жардамдашкан адамгерчилиги менен Сонянын көңүлүн жибитет.

"Барымта" деп аталган бул азери филми ушул күндөрү Египеттин баш калаасында өтүп жаткан Каир эл аралык фестивалында көрсөтүлүүдө. Фестивал негизинен Жакынкы Чыгыштагы кино күйөрмандарына багышталган, бирок дүйнөнүн чар-тарабынан эң мыкты тасмаларга да орун берет.

Египет жергесинде көркөм өнөрдүн тамыры тээ байыркы Фараондордун дооруна барып такалат. Бүгүн бул өлкөнү араб дүйнөсүнүн маданий байтактысы деп билишет. Ал эми кинематография жаатында ал Жакынкы Чыгыштын Голливуду саналат. 20-кылымдын башында бул өнөр Батышта жаңы тамыр ала баштаганда өзүнүн бай театралдык мурасы болгон Египет кыймылдуу сүрөт индустриясына тез эле аралашып кете алган. 20-кылымдагы улуу араб жазуучулары, Нобел сыйлыгына татыган египеттик Таха Хусейн жана Тауфик ал-Хакимдин сценарийлери менен кинолор да тартылган. Ушуларды эске алганда, бул өлкөдө эл аралык деңгээлде таанымал филм-фестивалдын 30 жылдан бери ийгилик менен өтүп келатканы таң калыштуу эмес.

Продюссерлер Биримдигинин эл аралык Федерациясы 1990-жылы изилдөө жүргүзүп, бул фестивалды конкуртстук эмес кино-кароолорунун ичинен Лондон Филм Фестивалынан кийинки экинчи орунду ыйгарган. 29 жыл ичинде Пирамидалардын мекени Николас Кейж, Жон Малькович, Софи Лорен, Шаши Капур, Алан Делон, Марчелло Мастрояни жана Катерин Денев өндөнгөн дүйнөлүк кино жылдыздарын коноктоду. Фестивалда Михеланжело Антониони, Оливер Стоун, Ванесса Редгрейв өңдөнгөн атактуу режисерлор да болгон.

Каир кароосунда кино өнөрүнө айрыкча чоң салым кошкон өлкөлөрдүн тасмаларын тартуулоо салт болуп калган. Быйыл мында бүтүндөй континенттерге - Түштүк Африка менен Түштүк Америкага артыкчылык берилет. Ал эми жүринин президенти аргентиналык белгилүү киночу – Луис Пуензо. 30-кароодо Ливандагы согуш сыяктуу соңку саясий курч окуялар да чагылдырылууда. Быйыл Каирде кино индустриясындагы каракчылык маселеси боюнча семинар да уюштурулуп жатат. Канткен менен кино-фестивал бул кино күйөрмандары үчүн майрам гана эмес, адистер да ой бөлүшүп, талылуу проблемаларды талкуулай турган жери эмеспи.
XS
SM
MD
LG