Аталган концерт Бермет Байкелованын жыйырма жылдык отчеттук чыгармачылык кечеси. Кечеде ырчы мына ушул жылдар аралыгында ырдалган ырлары менен бирге жаңы чыгармаларын тартуулайт. Концертке ошондой Кыргыз Республикасынын эл артисти Улукмырза Полотов, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисткасы Майрам Дүйшекеева, Гулмира Жолдошова, Чырмаш Төрөбеков жана башка бир катар ырчылар жана Бермет Байкелованын шакирттери өнөрлөрүн тартуулашат.
Кечени К.Орозов атындагы мамлекеттик, академиялык эл аспаптар оркестри коштойт. Бермет Байкелова бул оркестрде 1987-жылдан бери түйшүктөнүп келет. Оркестр менен бирге Бермет Байкелова респулбиканын баардык район, облустарында, мурдагы союздук өлкөлөрдө жана чет мамлекеттерде өз өнөрлөрүн далай жолу тартуулаган. Бермет Байкелова чыгармачылыгын элдик ырларды аткаруудан баштаган. Анын репертуарында Атай Огомбаевдин, Жумамүдүн Шералиевдин, Мукаш Абдраевдин ырлары бар.
-Алдыда дагы жаңы чыгармаларды жаратып, ыр күйөрмандарына жылына жеке концертимди тартуулап турсам деген тилегим бар- дейт Бермет Байкелова.