Ал шарттар: Кыргызстан програмага кирген шартта бошогон каражатты экономиканын реалдуу тармагына жумшоого мүмкүнчүлүктүн берилиши, реалдуу тармакты өкмөттүн өзү башкаруусу жана финансы саясатын өз эркинче жүргүзүүсү. Бул тууралуу ХИПК програмасы боюнча кыргыз өкмөтүнүн атайын өкүлү Азамат Дыкамбаев ХИПКе каршы чыккан пикетчилер менен жолугушууда билдирди.